2023-жылдын август айынын ортосунда Чүй облусунун аймагында жашаган жарандар ички иштер органдарына кайрылып, кол салуу жана опузалоо фактылары тууралуу билдиришкен. Маалым болгондой, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү жаранга келип, кылмыштуу максаттары үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кыла башташкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Башында опузалоочулар коркутуу жана физикалык зомбулук көрсөтүү жолу менен 15 000 рубль (орус рубли) акча каражатын алып, калган акчага жакын арада келерин айтып кетишкен.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн ” Опузалап талап кылуу” белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөөнү Ысык-Ата райондук ИИБ жүргүзүүдө.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн) кызматкерлери тарабынан опузалап акча талап кылгандарды аныктоо иштери жүргүзүлдү.
18-август күнү жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана Ысык-Ата РИИБи менен биргеликте Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен Чүй облусунун тургуну, мурда соттолгон, криминалдык авторитеттер менен тыгыз байланышта болгон, 1981-жылы туулган Р.Р. аттуу кылмшыка шектүү жаран кармалган.
Кошумчалап айта кетебиз, опузалап алынган сумманын бир бөлүгүн алган кийинки учуру милиция кызматкерлери тарабынан катталып, документтештирилген. Кармалган кылмышка шектүү жаран Ысык-Ата районунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда аталган факты боюнча тергөө иштери улантылууда.




















