20-сентябрда Казакстандын Костанай облусунун укук коргоо кызматкерлери орус-казак чек арачыларынын ортосундагы “жаңжал” тууралуу видеону тараткан жергиликтүү тургунду кармашты. Бул тууралуу аймактын полициянын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин социалдык түйүндөрдө аскер кийимин кийген кишилер жана аскердик техника тартылган видео тараган. Үн коштогон адам Россия менен чектешкен Костанай облусунда орусиялык жана казакстандык аскер кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыгып, учурда ал жакка техника жөнөтүлүп жатканын айткан. Полиция видео жасалма экенин баса белгилейт.
“Костанай облусунун полиция кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 52 жаштагы Костанай шаарынын тургунун кармашып, ал атайылап жасаган кылмышын мойнуна алды”, — деп айтылат маалыматта.
Казакстандын Ички иштер министрлиги видеодо Улуттук гвардиянын автоколоннасы пландуу талаа машыгуусуна бара жатканы тартылганын кабарлады.
Акыркы жылдары Түндүк Казакстан облусунун тургундарына каршы сепаратизм беренелери боюнча козголгон кылмыш иштеринин саны көбөйдү. Украинада согуш башталгандан кийин казак бийлиги аймактагы жикчилдик маанайга тыкыр көз сала баштады. Буга өзгөчө орус аткаминерлеринин жана улутчулдардын аймактарды “кайтаруу керек” деген өңүттөгү билдирүүлөрү себеп болууда.