Колумбиянын лидери Петро Трампка Кариб деңизиндеги чабуулдар үчүн иш козгоону талап кылды.
Колумбиянын президенти Густаво Петро АКШнын чиновниктерине жана президент Дональд Трампка каршы кылмыш ишин козгоого чакырды. Бул тууралуу ал БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы саясий талкуусунда сүйлөп жатып билдирди, деп жазат Le Figaro.
Басылма белгилегендей, колумбиялык лидер Трампты Кариб деңизиндеги кайыктарга сокку урууга буйрук кылган деп айыптады. Ал кайыктарда «жөн гана жакырчылыктан качкысы келген жаштар» жүргөнүн айтты.
«Эгерде алардын мыйзамсыз жүгү болсо да, алар баңгизат соодагерлери эмес болчу — бул Латын Америкасынын башка тандоосу жок болгон жөнөкөй жакыр жаштары», — деп түшүндүрдү Петро.
АКШ менен Колумбия союздаш мамлекеттер, бирок Дональд Трамп бийликке келгенден бери алардын мамилеси сууй баштаган.
Учурда Вашингтон Кариб бассейнинде баңгизатка каршы операция жүргүзүүдө. Бул операция Венесуэлага (Колумбиянын коңшусу) багытталган, АКШ аны картелди башкарууда деп айыптайт.
Сентябрда АКШ бир нече жолу Венесуэланын жээгинде баңгизат ташып жүргөн деп эсептелген кайыктарды ракеталар менен жок кылды. АКШ өкмөтүнүн маалыматы боюнча, бир кайыктын үстүндө 17 адам каза болду.
Буга чейин Бразилиянын президенти да АКШнын Кариб деңизиндеги аскерий катышуусун сынга алган.



















