Өлкөнүн калкынын санын Улуттук статистика бюросу жарыялагандыгын Tengri Life маалымат агенттиги билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-декабрына карата калктын саны 20 014 575 адамды түзүп, алардын ичинен шаардыктар – 12 431 220 адам, айылдык жашоочулар – 7 583 355 адам.
“2023-жылдын башынан тартып калктын саны 247 768 адамга көбөйүп, алардын ичинен табигый жол менен көбөйгөндөр 239 422 адам, миграциянын эсебинен – 8 346 адам кошулган”, – деп билдирди бюродон.
Ошондой эле маалыматтарга ылайык, аялдар – 10 240 446 адам, ал эми эркектер – 9 774 129.
Калктын өтө жогорку санда көбөйүүсү Астана – 5,11%га, Алматыда – 2,82%га жана Мангышлак (Мангистау) областында – 2,40%га катталган.
Белгилей кетүүчү жагдай, 2023-жылдын 14-ноябрында биринчи жолу беш наристе катары менен Казакстандын 20 миллионунчу жарандары болуп калышты. 20-миллионунчу жарандын төрөоүшүнүн датасы баардык демографиялык маалыматтар: Казакстанда төрөлгөн жана өлгөн, келген маалыматтарды эсептөө менен аныкталган.



















