Казакстандын батышындагы Актау шаарында теракт жасоого аракет кылууга шектүү катары жергиликтүү жашоочу кармалды. Бул тууралуу 1-апрелде өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети (УКК) маалымдады.
«Фергана» маалымат агенттигинин билдирүүсүндө, шектүүнү кармоо операциясы УКК тарабынан прокуратуранын көзөмөлү астында жүргүзүлгөн. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда талкалоочу элементтери бар жардыргыч заттын компоненттери жана башка далил буюмдар алынган.
Кармалган адамдын аты-жөнү айтылган жок, болгону ал радикалдык диний идеологиянын жактоочусу экендиги, мурда адам өлтүрүү үчүн соттолгондугу гана белгилүү. Аталган адамга карата КРнын ККнын 255-статьясынын 1-бөлүгү (Терроризм акты) боюнча иш козголду. Ал берене боюнча максималдуу жаза – мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратуу.
2022-жылы Казакстанда үч теракт ооздукталган. Жалпысынан террордук жана экстремисттик кылмыштарды жасагандыгы үчүн 56 адам соттолгон.
2023-жылы жазында Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Ермек Сагимбаев президент Касым-Жомарту Токаевге УККнын кызматкерлери бир нече террордук кылмыштарды, анын ичинде эл массалык түрдө чогулган жерде колдо жасалган жардыргыч зат менен теракт жасоо аракеттери ооздукталгандыгы тууралуу доклад жасаган. Бул фактылар боюнча 19 адам камалган. Теракт кайсыл жерде даярдалгандыгын да УКК башчысы тактаган жок.



















