Казакстанда вейптерге толугу менен тыюу салынат, деп билдирди “Республика” парламенттик партиясы (алты мандаттуу) өзүнүн Telegram-каналында.
“Казакстан Республикасынын өкмөтү вейптерге, суюктуктарга жана ароматизаторлорго толугу менен тыюу салуу чечимин кабыл алды”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү дээрлик бир добуштан электрондук тамекилерди, алар үчүн суюктуктарды жана ароматизаторлорду сатууга, импорттоого, экспорттоого жана өндүрүүгө тыюу салууга добуш беришкенин Жогорку Кеңештин депутаты, демилгенин автору Нургүл Тау билдирди.
“Вейптер зыян болгондуктан Саламаттыкты сактоо министрлиги 2021-жылдан бери аларды жүгүртүүгө тыюу салуу маселесин курч көтөрүп келет. Мен өзүмдүн өтүнүчүмдө вейптерди сатууга толук тыюу салууну сунуш кылдым. Балдардын саламаттыгы жана тагдыры үчүн күрөш өз натыйжасын берди”, – деди ал.
Парламентарий Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловго вейптерге толук тыюу салуу сунушу менен май айында эле кайрылган. Анда Тау электрондук тамекилердин мектеп окуучулары менен жаштар арасында таралышы боюнча кырдаалын эпидемия менен салыштырган.
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдан 2022-жылга чейин Казакстанда вейптердин жүгүртүүсү 300 эсеге өскөн.
Вице-премьер-министр – каржы министри Ерулан Жамаубаевбул боюнча пикирин билдирди.