Казакстанда жүргөн тажик мигранттары чет өлкөлүктөр көп иштеген ири курулуш аянтчалары менен базарларда полициянын рейддери күчөгөнүн билдирүүдө.
Өзүн Азамат деп тааныштырган Тажикстандын жараны 26-сентябрда Казакстандын Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Миграция комитетинин кызматкерлери Алматыдагы базарда иштеген чет өлкөлүктөрдүн тобун кармап кеткенин билдирди.
“Аларды коштоп жүргөн Улуттук гвардиянын кызматкерлери келгенде соодагерлердин көбү товарларын таштап качып кетишти. Алар бардык документтери жайында болсо да полиция бөлүмүнө жеткирилерин жакшы билишет. Рейддер күчөгөнүнө байланыштуу ишке көп чыкпай калдык”, – деди ал.
Азаматтын айтымында, аны да жакында эле кармап, Алматы шаардык департаментине жеткиришкен. Мигрант ал жерде дээрлик бир күн бою кармалып турганын кошумчалады.
Тажик мигранттары “Озоди” радиосуна жөнөткөн видеотасмаларда мындай рейддерге Казакстандын Улуттук гвардиясынын кызматкерлери да катышып жатканын көрүүгө болот.
Күн мурун Казакстан ИИМинин Миграциялык комитети сентябрдын башында Алматыдагы рейддердин жүрүшүндө 3 миңге жакын миграциялык мыйзамды бузган учур аныкталганын билдирди.
“Алсак, Алматынын Медеу районундагы курулуш аянтында эч кандай документсиз иштеп жүргөн Тажикстандын 14 жараны аныкталган. Жалпысынан атайын жайга 441 чет өлкөлүк жеткирилип, 64ү өлкөдөн чыгарылган”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Болжолдуу маалыматтарга ылайык, Казакстанда Тажикстандын 10,5 миң жараны миграцияда жүрөт.