Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Шымкенттеги департаменти прокуратуранын координациясы менен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган шаардан Казакстанда тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” радикалдык-экстремисттик уюмунун 22 адамдан турган жашыруун ячейкасын аныктады.
Бул тууралуу Tengrinews.kz шаардык прокуратурага шилтеме берүү менен кабарлады.
Радикал-экстремисттик уюмдун жактоочулары үстүбүздөгү жылдын март-апрель айларында Рамазан айында ооз ачарларды өткөрүү шылтоосу менен үгүттөө жана жактоочулардын санын көбөйтүү максатында диний жыйындарды өткөрүшкөн.
“Тинтүү учурунда 7 даана тыюу салынган диний китептер, 10дон ашык диний мазмундагы кол менен жазылган жана тексттик баракчалар, 6 уюлдук телефон, 4 ноутбук табылып, алынган”, – деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча «Терроризмге үгүттөө же терроризм актысын жасоого ачык чакыруу» жана «Террордук же экстремисттик иш-аракеттерди уюштуруу максатында адамдарды тартуу, даярдоо же куралдандыруу» беренелери боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталды.
Эске салсак, бул радикал-экстремисттик уюмдун 15 мүчөсү 2023-жылдын сентябрь айында Алматыда да кармалган. Алар жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу үчүн мыйзамсыз жыйындарды өткөрүүнү пландашкан.
Ошол эле жылдын май айында да Астанада экстремисттик материалдарды таркаткан жана пландарын талкуулоо үчүн жашыруун жолугушууларды уюштурган 10 “Хизб-ут-Тахрир” мүчөсү кармалган.
“Хизб ут-Тахрир-Аль-Ислами” (ислам боштондук партиясы) бардык Борбор Азия мамлекеттеринде тыюу салынган уюм.



















