Казакстандын бир нече аймагында кылмыштуу топторду жапырт кармоо операциясы жүрүүдө. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, кармоолорду Улуттук коопсуздук комитети (УКК) Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен биргеликте, Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө жүргүзүүдө. Ага УКК менен ИИМдин атайын багыттагы бөлүктөрү, кызматкерлери жана техникалары тартылган.
Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришкендей, кылмыштуу топторду кармоо операциялары дароо бир учурда Жамбыл, Түркстан жана Жетысу облустарында жүрүп жатат.
Мекеменин маалыматына караганда, кармалып жаткан кылмыштуу топтор Казакстандын Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан менен чектешкен аймактарында мыйзамсыз иштерди жасап келишкен.
Күн мурун Кыргызстанда «кримчөйрөнүн анабашы» аталган Камчы Көлбаевди кармоо боюнча атайын операция башталып, анын жүрүшүндө кримтөбөл жок кылынган.