Казакстандын бийлиги инфекциялык оорулардын жайылышын алдын алуу үчүн медициналык мекемелерде милдеттүү түрдө беткаптарды колдонууну киргизди. Бул туурасында республиканын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Айжан Эсмагамбетова жарлыкта айтылат.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Айжан Есмагамбетованын айтымында, жыл башынан бери Казакстанда COVID-19 жуктургандардын саны эки эсеге көбөйгөн.
«Үстүбүздөгү жылдын январь айында 2023-жылдын декабрь айына салыштырмалуу коронавирус жуктурган учурлар 2,5 эсеге көбөйүп, декабрда 187 учур катталса, январь айында 477 учур катталды», – деди ал.
Башкы мамлекеттик дарыгердин айтымында, эң көп ооругандар Алматы шаарында – 143, Астанада – 74 адам катталган.
Есмагамбетова медициналык мекемелерде беткап кийүү боюнча жарлыкты 8-февралда чыгарган.
Саламаттыкты сактоо министрлиги “медициналык же кездеме беткаптарды эл көп чогулган жерлерде (аэропорттор, вокзалдар, базарлар, соода борборлору, театрлар, кинотеатрлар, калкты тейлөө борборлору, банктар ж.б.) жана транспорттун бардык түрлөрүндө колдонууну” сунуштаган.
Ведомстводон белгилешкендей, беткап кийүү кызамык, коронавирус инфекциясы, сасык тумоо жана башка курч респиратордук вирустук инфекциялардын жайылышын алдын алууда зарыл.
Ошондой эле, Казакстандын Мажилисинин имаратында коронавируска байланыштуу 7-февралдан тарта милдеттүү түрдө беткап кийүү режими киргизилген. Буга чейин парламенттин төмөнкү палатасынын спикери Ерлан Кошановдон COVID-19 инфекциясы аныкталган.
Мажилистин басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттар дагы, палата кызматкерлери дагы ооруп жатат. Жолугушуулар онлайн форматка которулуп же маска режимин катуу сактоо менен өткөрүлүүдө.



















