Командалык дүйнө чемпионатындагы биринчи медаль Казакстан курама командасы үчүн өзгөчө мааниге ээ – ал өлкө тарыхындагы биринчи жолку жеңиш.
Казакстандын шахмат боюнча кыз-келиндер курамасы Польшанын Быдгощ шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси болду. Финалда грузин командасынан утулуп калды.
Биринчи финалдык беттеште казак шахматчылары 1,5:2,5, экинчисинде 0,5:3,5 эсебинде жеңилип калышты.
Эл аралык шахмат федерациясынын сайтында командалардын беттеши тажрыйба менен таланттын мелдеши деп аталды.
Казак шахматчыларынын жеңиши менен өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев куттуктады.