Казакстан менен Түркия деңиз келишимине кол коюуга камынууда. Документтин долбоорун Казакстандын Транспорт министрлиги даярдап жатат. Бул тууралуу Кaztag.kz агенттиги жазды.
“Деңиз тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо, кемелердин коопсуздугун жогорулатуу, деңизчилердин дипломдорун өз ара таануу, порт жана кеме куруу өнөр жайын өнүктүрүү”,- деп айтылат маалыматта.
Атап айтканда, портторду жана кемелерди куруу, модернизациялоо, мультимодалдык жүк ташууну өнүктүрүү жаатында кызматташуу күтүлүүдө.
Белгиленгендей, келишим портко кирүү жана кеме куруудан тарта кызматкерлерди окутуу жана экологиялык коопсуздукка чейинки маселелердин кеңири чөйрөсүн жөнгө салат.



















