Казакстандын Президентинин Каспий деңизин комплекстүү изилдөө жана сактоо, ошондой эле аймактын экологиялык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча тапшырмаларын аткаруунун алкагында Өкмөттүн резервинен «Каспий деңизинин Казак илимий-изилдөө институту» АКсына 1,1 млрд теңге бөлүндү. Бул тууралуу Kazinform агенттиги Өкмөттүн басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.
Каржылоо институттун илимий мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталат. Каражаттар деңиз мониторингин жүргүзүү үчүн жабдууларды сатып алууга, ошондой эле гидробиологиялык жана гидрохимиялык лабораторияларды жабдууга жумшалат. Бул илимий-изилдөө институтуна деңиздин акваториясында түздөн-түз комплекстүү мониторинг жүргүзүүгө, айлана-чөйрөнүн гидрометеорологиялык жана биологиялык параметрлерине системалуу байкоо салууга, ошондой эле деңиздин Казакстанга тиешелүү бөлүгүндө жүрүп жаткан процесстер боюнча илимий негизделген маалымат базасын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Азыркы учурда натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу үчүн институт эл аралык илимий коомчулукка активдүү интеграцияланып, Каспий жээгиндеги өлкөлөрдүн университеттери жана илимий-изилдөө борборлорунун ассоциациясына мүчө болду.
Бул токтомду ишке ашыруу үчүн Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигине бардык зарыл чараларды көрүү тапшырылды, ал эми Каржы министрлигине бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышын катуу көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.



















