Казакстан чет элдик жарандарга он жылга чейин туруктуу жашоого уруксат берүүчү инвестордук визаны алуу эрежелерин бекитти. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Визаны алуу үчүн инвестор Казакстандагы компаниялардын уставдык капиталына же жергиликтүү баалуу кагаздарга кеминде 300 миң АКШ доллары көлөмүндө инвестиция салуусу керек.
«Алтын визаларды берүү чет элдик инвесторлор үчүн укуктук кепилдиктерди түзүп, инвестициялык климатка ишенимди бекемдеп, ыңгайлуу жана алдын ала божомолдоого боло турган шарттарды камсыздайт», — деп билдирди ТИМ.
Министрликтин маалыматына караганда, бул программа Казакстандагы инвестициялык чөйрөнү жакшыртууга багытталган жана өлкөгө узак мөөнөттүү капитал тартууга өбөлгө түзөт.
Эске салсак, Өзбекстанда да 2025-жылдын 1-июнунан тартып «алтын виза» программасын ишке киргизүү пландалууда. Ага ылайык, талапкер 200 миң доллар, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бири үчүн 100 миң доллардан төгүшү керек.
Сүрөт: Getty Images



















