Канаданын Йеллонайф шаарынын тургундары асмандын кызыл түскө боёлгонуна күбө болушту. Мындай жаратылыш кубулушуна шаарга жакындап келе жаткан токой өрттөрү себеп болгон.
“Бул фотошоп эмес. Түн киргендей, бирок азыр күндүз” дейт кубулушка күбө болгон видеонун автору.
Кадрдан айлананы кызыл күүгүм каптап турганын көрүүгө болот.
Кечээ, 17августта Йеллоунайфтын бийлиги жашоочуларга эвакуацияланууну тапшырган, шаарга өзгөчө кырдаал киргизилген.