Кабулда өзбек-ооган транспорттук компаниясы ачылганын “Дунё” маалымат агенттиги билдирди.
“Кабулда Ооганстандын “Khan Daqiq Trading” компаниясы менен бирге “Sogdiana Trans” ЖЧК биргелешкен ишканасы түзүлдү”, — деп айтылат маалыматта.
Компания Кабул – Мазари-Шариф багыты боюнча жүк ташуу менен алектенет.
Андан соң товарлар Мазари-Шарифтен темир жол аркылуу Өзбекстан, Орусия, Казакстан, Беларусь жана Балтика өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.
“Khan Daqiq Trading” компаниясынын жетекчиси Хамид Хан компаниянын Кабул – Мазари-Шариф – Кабул каттамы боюнча жүк ташуучу унаалар менен жылына 150 миң тонна продукцияны ташуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.
Ооган тарап Өзбекстандын президентине жана “Өзбекстан темир жолдору” ААК жетекчилигине курчап турган чөйрөнү коргоо жана жашыл экономика жылында ишкерлерге түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Өзбекстандын Ооганстандагы элчиси Ойбек Усманов түзүлгөн биргелешкен ишкана эки өлкөнүн транспорт, логистика, соода, өнөр жай жана башка тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүү үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи.



















