Ооганстандын борборунда Кыргызстандын соода үйү ачылат. Бул тууралуу Ооганстандын өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу Нуриддин Азизи менен Кыргызстандын Кабулдагы өкүлү Данияр Жолчиевдин жолугушуусунда белгилүү болду. Бул тууралуу Bakhtar басылмасы жазды.
Бул жолугушууда эки өлкөнүн соода алакасын кеңейтүү маселеси талкууланды.
Ошондой эле тараптар Ооганстандагы Кыргыз соода үйүнүн ишмердүүлүгүн баштоо, тоо-кен тармагына инвестициялоо, электр энергиясын, жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч кабелдерин өндүрүү жана бир катар бизнес маселелерин талкуулап, пикир алышты.
Өнөр жай жана соода министри Ооганстан башка өлкөлөр менен экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө чечкиндүүлүгүн билдирип, өлкөлөрдүн керектөөлөрүнө ылайык талкуулоо үчүн товарлардын жана продукциялардын тизмесин алмашууну сунуш кылды.
Кыргызстандын элчиси Бишкектин Ооганстан менен ишкердик мамилелерди кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, бул мамилелер “Кыргызстандын Соода үйүнүн” түзүлүшү менен мындан ары да кеңейе тургандыгына ишеним билдирди.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын алты айында Кыргызстан менен Ооганстандын ортосундагы товар жүгүртүү 13 миллион 212 миң долларды түзгөн. Анын 11 миллион 92,2 миң доллары экспорт, 2 миллион 119,8 миң доллары импорттун үлүшү. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтында берилген.
Кыргызстан (6 млн 604,7 миң долларга) Ооганстанга дан буурчак, жер семирткичтерди (3 млн 878,1 миң долларга) экспорттоп, ал өлкөдөн эң көп алюминий импорттогон (1 млн 751,2 миң доллар).

















