Экономисттер эмне үчүн Батышта алтын сактагандардын саны азайып бараткандыгынын себебин айтышты.
Өздөрүнүн алтын корун Батышта сактоону каалаган мамлекеттер акыркы мезгилде өтө тездик менен азаюуда. Экономисттердин пикиринде, мындай жагдайдын негизги себеби россиялык активдердин тоңдурулуп, конфискация кылуу аракети жүрүп жаткандыгы менен байланыштуу болууда.
Америкалык инвестициялык Invesco компаниясынын маалыматы боюнча, азыр 68% борбордук банктардын башчылары алтынды өз өлкөсүндө сактоону артык көрүшүүдө. Божомолдорго ылайык, 2025-жылы 75% мамлекеттер алтын корун жеке сактоочу жайларына толук которушат. Ал эми 2020-жылы алардын жарымы өздөрүнүн алтын корун Батышта, негизинен АКШ жана Улуу Британияда кармашкандыгын РИА “Новости” белгилеген.
Бул көрүнүш бүткүл дүйнө активдер каалаган учурда соттун чечимисиз эле тоңдурулуп, сакталган өлкөнүн бийлиги тарабынан өзү билгендей конфискациялана тургандыгы жана өзү билгендей колдонула берерин көргөндөн кийин ачык болуп калды деп эсептейт каржылык эксперт Николай Моженков.
Дагы бир себеп — америкалык жана британиялык структуралар мындан ары “тынч кампа” катары эсептелбейт. Ал жактан бир гана алтын эмес, капитал да чыгарылып кетүүдө. Агрессиялык санкциялык саясаттын шартында инвесторлордун батыштык активдерге талабы төмөндөөдө.
Алтынды чыгарып кетүүнүн негизги терс натыйжасы – бул каржылык стабилдүүлүккө ишенимдин жоголушу деп эсептейт SharesPro инвестициялык компаниясынын негиздөөчүсү Денис Астафьев.
Мындан тышкары, ал карызга алынган каражаттардын пайызы жогорулоодо, себеби алардын облигациясына жана башка каржылык булактарына талап азайып жаткандыгын баса белгиледи.
Евробиримдик өлкөлөрүндө чет элдик инвестициялар да бир топ кыскарды. 2022-жылы бул көрсөткүч бир жарым пайызга – 7,714 триллион еврого чейин азайган.
Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, борбордук банктардагы евронун резервдик валюта катары үлүшү да төмөндөөдө (2023-жылдын үчүнчү кварталында 18,07 пайыз).
Ошондой эле төлөм каражаты катары – январда 23,02 пайыз.
Анткен менен америкалык жана британиялык банктардан алтынды чыгарып кетүү жагдайы мурдагы жылдары эле болуп келген.
Мисалы, 2013-жылы Бундесбанк АКШдан өзүнүн 700 тоннага жакын алтын корун чыгарып кетүүнү чечкен. Бирок аудиторлорду Форт Нокска деги бул алтын куймалар бар бекен деп текшерип чыгуусуна уруксат бербей коюшкан.
“ММКда каттуу чыр чыгып, немис алтынын аз-аздан кайтара башташкан (азыркыга чейин баарын берише элек). Андан соң — кымбат металлдарын Англиянын Банкында сактаган Венесуэла да чыккан. Мадуро президенттик шайлоодо жеңгенден кийин өзүнүн алтындарын талап кылган. Ага да баш тартышкан. Англичандар менен соттошуулар 2014-жылдан бери улантылууда”, — деп эскерди “Алтын палата” компаниясынын вице-президенти Алексей Вязовский.
Бирок Россияга санкциялык кысым бүткүл дүйнө жүзүнүн борбордук банктарына америкалык жана британиялык банктардан өз алтынын чыгарып кетүүгө негизги себеп болгондугу айдан ачык.



















