Президенттик администрациянын мурдагы имаратында Тышкы иштер министрлиги менен Экономика жана коммерциялык министрлиги жайгашат. Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге жана Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров иш кабинеттерин тапшырды.
Министрлер Кабинетинин башчысы министрликтердин жаңы жайгашуусу алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана кызматкерлердин ортосундагы ыңгайлуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга жардам берерине ишеним билдирди.
Акылбек Жапаров ведомстволордун алдында турган милдеттердин маанилүүлүгүн белгилеп, аларга жаңы шарттарда ийгиликтүү жана жемиштүү иштөөнү каалады.

















