Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган оппозиция өлкөнүн агрардык секторундагы ийгиликтерди бурмалоого аракет кылып жатканын билдирди.
Trthaber агенттигинин маалыматына караганда, ал бул тууралуу Бештепедеги Улуттук көргөзмө залында өткөн ифтар маалында айтты.
«Биз айыл чарба продукцияларынын экспортун 32,6 миллиард долларга чейин жеткирдик. Акыркы 22 жылда 110 миллиард долларлык тышкы соода профицитин камсыздадык. 13 түрдүү продукция боюнча дүйнө жүзүндөгү экспортто алдыңкы үчтүккө киребиз. Азыркы учурда 104 өлкөгө уруктарды экспорттойбуз», – деди мамлекет башчысы.
Анын айтымында, Түркиянын айыл чарба потенциалы бардык тармактарда ачылып жатат:
«Бул тармакта иштегендер чыныгы абалды жакшы билишет. Бир нече негизги көрсөткүчтөрдү эле айтып кетейин. Акыркы 22 жылда айыл чарбасын колдоого 2,07 триллион лира бөлдүк. 2025-жылы 4 миллиард лира төлөп беребиз, ал эми жыл аягына чейин бул сумма 135 миллиард лирага жетет. Биздин өлкөдө 206 түрдүү айыл чарба продукциясы өндүрүлөт жана алардын көбү менен Түркия өзүн толук бойдон камсыздай алат».
Президент Түркия дүйнөдө жашылча-жемиш өндүрүү боюнча 4-орунда, ал эми Европада жумуртка өндүрүү боюнча 2-орунда экенин белгиледи:
«Бул – биздин агрардык сектордун ийгиликтери, бирок оппозиция бул жетишкендиктерди бурмалоого аракет кылууда».
Эрдоган азык-түлүктүн сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү жана баалардын өсүшүнө каршы күрөшүү улантыларын кошумчалады.



















