Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа Израил менен Ирандын ортосундагы кырдаалды талкуулады.
Эки өлкөнүн башчылары телефондон сүйлөшкөнүн Түркия президентинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө шилтеме берүү менен Anadolu агенттиги жазды.
Маалыматта белгиленгендей, тараптар Израил менен Ирандын ортосундагы эскалацияны, ошондой эле бир катар аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашты.
Сүйлөшүү учурунда Эрдоган Израил тарабынан түзүлгөн зордук-зомбулук спиралы бүткүл аймакка олуттуу коркунуч туудурарын баса белгилеп, Сириянын бул жаңжалга аралашпоосу маанилүү экенин белгиледи.
Түрк президенти ошондой эле кырдаалдын курчушуна байланыштуу террордук уюмдардын жана радикалдык элементтердин аракеттерине көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Буга чейин Эрдоган Иран президенти Масуд Пезешкиан, Оман султаны Хайсим бин Тарик бин Таймур Аль Саид, АКШ президенти Дональд Трамп, Сауда Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман, Катардын эмири Мишаал аль-Ахмед аль-Джабер ас-Сабах жана Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Израил менен Ирандын ортосундагы абалдын курчушун, ошондой эле аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулаган.
Эрдоган Иран президенти Масуд Пезешкиан менен сүйлөшүүсүндө Израилдин чабуулун айыптап, иран элине көңүл айткан.
Эскерте кетсек, 13-июнга караган түнү Израилдин аба күчтөрү Ирандын аймагына сокку уруп, натыйжада Ирандын жогорку даражалуу аскер кызматкерлери, окумуштуулары жана 200дөн ашуун жай тургундары каза болду.
Израилдин бул соккуларына Иран катуу жооп кайтарарын убада кылгандан кийин, “Чындык убада 3” операциясын баштап, Израилге жүздөгөн ракеталар менен сокку урду. Чабуулга Тель-Авив, Хайфа, Иерусалим, Назарет жана башка шаарлар дуушар болду.
Эки өлкөдө тең курмандыктар жана кыйроолор бар.















