Eurasiatoday
Бейшемби, 26-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Эрдоган, Рахмон… Ирандын президенти Нью-Йоркто дүйнө лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

  • Батыш Азия, Саясат, ТОП жаңылыктар
  • 24.09.2024 13:57

Loading

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында дүйнө лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды жүргүзүүдө.

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушуу

Пезешкиан Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушууда Ирандын жаңы 14-өкмөтү өлкөнүн ичинде да, аймактык жана эл аралык аренада да өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө умтуларын билдирди.

Тема боюнча

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026

“Биз өз ара прогресс үчүн ар түрдүү тармактарда башка өлкөлөр менен кызматташуу үчүн бирдей пикирди жана көз карашты көздөйбүз. Диалог жана түшүнүү бул жалпы көз караштарга жетүүнүн бирден-бир жолу”, – деди Пезешкиан.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнө күч жана коркутуу тилине караганда көбүрөөк диалогго жана өз ара аракеттенүүгө муктаж.

Ал Израилдин кылмыштарынын улантылып, күчөп жатышын бүгүнкү күндөгү аймактын жана дүйнөнүн эң олуттуу тынчсыздануусу деп айтып, Израиль Иранга анын инаугурациясына катышуу үчүн конок катары келген  ХАМАСтын лидери Исмаил Ханияны өлтүрүп, Иран Ислам Республикасын согушка тартууга аракет кылганын билдирди.

Пезешкиан Израиль режимине күнөөсүз жана коргоосуз адамдарды, анын ичинде аялдарды жана  балдарды ооруканаларда, мектептерде жана баш калкалоочу жайларда күч колдонуу менен бомбалоого кайсы эрежелер жана эл аралык укуктук база уруксат берген? Дүйнө бул кылмыштарга кандай негиз менен көз салып турат? Эмне үчүн бул кылмыштарды токтотуу үчүн эч кандай практикалык жана таасирдүү чараларды көрбөй жатат?! деген суроо салды.

Ал мындан тышкары, Иран Ислам Республикасы Россияга эч качан баллистикалык ракеталарды бербегенин, Иран Россия менен Украинанын ортосундагы согушта жаңжалдарды токтотуп, тынчтык орнотууну гана көздөрүн айтты.

Пезешкиан ошондой эле Иран эч кандай жол менен өзөктүк куралга умтулган эместигин жана умтулбай тургандыгын айтып, өлкөсү аймакта жана дүйнөдө тынчтыкты жана коопсуздукту орнотууга жана бекемдөөгө багытталган ар кандай аракеттерди кубаттай жана колдой турганын баса белгиледи.

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель өз кезегинде Иран президенти менен конструктивдүү сүйлөшүү болгонун, анын президенттикке шайланышын Европа Биримдиги менен сүйлөшүүлөрдү жандандыруу үчүн терезе жана жаңы мүмкүнчүлүк катары карай турганын билдирди.

Анын айтымында, алар Иран Ислам Республикасынан Палестина маселесинде, Украина жаңжалында жана өзөктүк маселе боюнча келишимге жетишүүдө конструктивдүү роль ойношун каалайт.

Мишель ар кандай маселелердин орток чечимдерин табуу үчүн Иран менен кызматташууга жана сүйлөшүүгө ар дайым даяр экенин билдирип, эки тараптын сүйлөшүүлөрү жана өз ара аракеттенүүсү улана берерине ишеним билдирди.

Пезешкян менен Эрдогандын биринчи жолугушуусу 

Ирандын президенти Масуд Пезешкян БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында ошондой эле Түркиянын президенттери менен Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Пезешкиан Ислам өлкөлөрү үчүн жакшы келечек – өлкөлөр арасында биримдик түзүү боюнча ийгиликтүү аракетке көз каранды экенин белгиледи.

“Аймакта чоң орток базар түзүү жана академиялык, илимий жана экономикалык алмашуулар Ислам дүйнөсүнүн улуулугун дүйнөгө көрсөтө алат. Ислам өлкөлөрүнүн жакшы келечеги – арабызда биримдикти түзүү боюнча ийгиликтүү аракеттерден көз каранды жана мындай биримдиктин аркасында Газа тилкесинде болуп жаткан кылмыштарга эч качан күбө болбойбуз”, – деп кошумчалады Пезешкиан.

Ал Иран Ислам Республикасы Түркия менен бардык тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө, өзгөчө аймактык коопсуздукту жакшыртууга даяр экенин билдирди.

Эрдоган өз кезегинде ирандык кесиптешине Табас шахтасындагы кырсыкта бир катар адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Ал израилдик режимдин Ливанга кол салууларынын күчөшүнө тынчсыздануусун билдирип, Израиль Ливандагы акыркы кибер чабуулу менен ырайымсыздык жана зомбулуктун жаңы аныктамасын көрсөткөнүн жана бүгүн дүйнө Нетаньяхунун Газада ок атышууну токтотуу жана аймакта тынчтыкка жетишүү ниети жок экенине күбө болуп жатканын белгиледи.

Эрдоган ошонй эле Пезешкиандын аймактык байланыш тармагын түзүү боюнча сунушун жогору баалады.

Пезешкиан буга чейин аймактык өлкөлөрдүн башчылары менен болгон жолугушууларында жана талкууларында, анын ичинде Иракка болгон сапарында аймактык байланыш тармагын түзүүнү сунуштаган.

Иорданиянын падышасы менен жолугушуу

Ирандын президенти Иорданиянын падышасы Абдалла II ибн Хусейн менен жолугушууда аймактагы акыркы окуяларды, өзгөчө Израилдин Ливан жана Газага каршы жасап жаткан агрессиясын талкуулады.

Рахмон менен жолугушуу

Пезешкиан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон жолугушууда Иран-Тажикистан мамилелерин артыкчылыктуу жана терең тарыхый жана туугандык байланыштарга негизделген деп сыпаттады.

“Тажикстан менен илимий, маданий, экономикалык жана коопсуздук жаатындагы карым-катнаштарды жана байланыштарды өнүктүрүүнү жана кеңейтүүнү каалайбыз”, – деди ал.

Рахмон Пезешкиандын ислам өлкөлөрүнүн арасында биримдик жана тилектештик жаратуу багытындагы позицияларын жогору баалап, Иран Ислам Республикасы кысымдарга жана санкцияларга карабай олуттуу прогресске жетишкенин айтып, Тажикстан Ирандын тажрыйбасын колдонуу менен бирге бардык тармактарда карым-катнаштарды бекемдеп, тереңдетүүнү кааларын айтты.

Бул Рахмондун Пезешкиан менен экинчи жолугушуусу. Рахмон ирандык кесиптеши менен биринчи жолу Тегеранда анын ант берүү аземинде жолугушкан.

Белгилей кетсек, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына 22-сентябрда келген.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясынын алкагында Пезешкиан ошондой эле БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, Финляндиянын президенти Александр Стубб, Швейцариянын президенти Виола Амерд менен да жолугушуу өткөрдү.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Эксперттер: жасалма интеллект колдонулган куралдарды пайдалануу үчүн жоопкерчилик адамдардын өздөрүнүн мойнунда

Эксперттер: жасалма интеллект колдонулган куралдарды пайдалануу үчүн жоопкерчилик адамдардын өздөрүнүн мойнунда

26.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

26.11.2026
Иран АКШ киргизген блокаданы бузуп өтүүгө ниеттенүүдө

Иран АКШ киргизген блокаданы бузуп өтүүгө ниеттенүүдө

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

26.11.2026
Казакстанда энергетикалык суусундуктарга толук тыюу салуу маселеси каралышы мүмкүн

Казакстанда энергетикалык суусундуктарга толук тыюу салуу маселеси каралышы мүмкүн

26.11.2026
Америкалыктардын көпчүлүгү Иран менен жаңжалды токтотууну каалашат

Америкалыктардын көпчүлүгү Иран менен жаңжалды токтотууну каалашат

25.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
220 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.