Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилдин колундагы барымтадагылар палестиналык ХАМАС кыймылынын колундагы барымтагыларга караганда алда канча көп экенин айтып, буга көңүл бурууга чакырды.
Анын айтымында, Газа тилкесиндеги жаңжалдын тараптары барымтадагыларды алмашуусу зарыл.
“Барымтадагыларды алмашууну биз дагы жактайбыз. Барымтадагылардын саны жөнүндө айта турган болсок, анда Израилде барымтага алынгандардын саны канча, ХАМАСтыкы канча? Эгер буга карай турган болсок, анда Израилдин колундагы барымтадагылардын саны алда канча көп. Эгер биз муну көрбөсөк адилетсиздик болмок», – деди Эрдоган Берлинде Германиянын канцлери Олаф Шольц менен биргелешкен маалымат жыйынында.
Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында палестиналык ХАМАС кыймылы «Аль-Акса Топон суусу» операциясынын алкагында Израилге Газа тилкесинен болуп көрбөгөндөй масштабдуу ракеталык чабуул жасады. Андан соң кыймылдын жоокерлери Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына кирип, 200дөн ашуун адамды барымтага алышкан. Израиль бийлигинин акыркы маалыматтарына караганда, 1,2 миңге жакын адам набыт болду, алардын катарында жайт тургундар, аскерлер, чет элдик жарандар бар. Ошондой эле 5 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган.
Буга жооп катары Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде ХАМАСка каршы «Темир кылыч» операциясын баштады. Бир нече күндүн ичинде Израиль армиясы Газа менен чек арага жакын жайгашкан бардык калктуу аймактарды көзөмөлгө алып, Газага абадан сокку ура баштады. Израиль андан сырткары, Газа тилкесин толук блокадага алганын жарыялады: суу, тамак-аш, электр энергиясы, дары-дармек жана күйүүчү май менен камсыздоо токтотулду.
Октябрдын аягында Израиль Газада кургактагы операциясын баштады. Израилдин Газага жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 12 миңден ашты, 30 миңден ашуун адам жараат алды.
ХАМАС октябрдын аягында «гуманитардык себептерден» улам барымтадагы эки америкалык жаранды — Жудит Раанан менен анын кызы Наталини, ошондой эле улгайган эки аялды — 80 жаштагы Нурит Купер менен 85 жаштагы Йохевед Лифшицти бошоткон.
Андан бери жаңжалдашкан тараптардын ортосунда барымтадагыларды алмашуу боюнча келишим түзүлө элек.


















