Азыр кыргыз коомчулугунда Ноорузду майрамдоо же майрамдабоо тууралуу бир катар кайчы пикирдеги көз караштар пайда болуп, анын алкагында талаштуу пикирлер айтылып келет. Бул теманын айланасында теолог Элмурат Кочкор уулунун оюн уктук.
– Элмурат мырза саламатсызбы? Нооруз – күн менен түндүн теңелгенинин жана жандуунун баары жазга чыгып, тоюнуунун белгиси катары эсептелет эмеспи. Бирок сизден сурай турган бир маселе, кандай ойлойсуз, Ноорузду байыркы көчмөн эл кандай кабылдаган дагы, отурукташкан эл кандай кабылдашкан? Экөөнүн кабылдоосунда айырма болгонбу?
– Тарыхый перспективадан караганда, бул экөөнүн айырмасы так кандай экенин айтыш кыйын. Бирок мен байкаган бир нерсе бар, Нооруз боюнча, байыркы перс маданиятынан келген дейт. Мен карап көрсөм, табият менен эриш-аркак, жаратылыш менен ынтымак болуп жашаган элдердин баарында эле бар экен.
Биз, мисалы үчүн, көчмөн калк болгонбуз, биздики толугу менен түшүнүктүү, мал багабыз, чарба кылабыз, анан кийинки замандагы дыйканчылык деле белгилүү, Жер Энеден наныбызды өндүрүп жейбиз. Ошондуктан, бул майрам отурукташканга чейин көчмөн калк болуп жүргөндө калыптанган, отурукташкандан кийин калыптанган эмес же болбосо, отурукташкандан кийин калыптанды, көчмөн болуп жүргөндө бул нерсе калыптанган эмес деген нерсени көрбөдүм. Андыктан, негизи биздин деле ата-бабаларыбызбын кылган иштерин карасак же Батыш Азиядагы калктын көпчүлүгүндө эле бул майрам майрамдалат экен. Демек, мен отурукташкан элге же көчмөндөргө тиешелүү майрам дебейт элем.
Жалпысынан табият менен таттуу мамиледе болгон, аны сыйлаган, табияттын берген мүмкүнчүлүктөрүн сый-урмат менен, анын баасын-баркын билип жашаган элдин баарында эле майрамдалып келиптир.
– Сиз мусулманчылыктын принциптерине альтернативалуу ой жүгүрткөн адамсыз, аларды негиздеп китеп да жазгансыз. Негизи эле Нооруз мусулманчылыкта кандай кабылданат?
– Мен мусулманчылыктын принциптерине альтернативалуу ой жүгүрттүм деп эсептебейм. Мен мусулманчылыктын нукура принциптерин кайра күн демине алып келип атам деп ойлойт элем. Бүгүн жалпы көпчүлүк кабыл алган, мисалы: Нооруз боюнча кабыл алган түшүнүктө, исламга альтернативалуу түшүнүк болуп калган. Мисалы: “Сөзсүз түрдө муну майрамдаса, каапыр болот, динден чыгат, бул мусулмандардын майрамы эмес, аябай коркунучтуу, адамдарды бузат”,-дегендин өзү мусулманчылыкка альтернативалуу түшүнүк. А мен айтат элем, эч кандай каршы келбейт, эч кандай динден чыгарбайт, кам санабагыла деп. Эмне үчүн?
Ноорузду майрамдагысы келбегендердин, мусулманчылыкка толугу менен терс келе турган көрүнүш катары түшүнгөндөрдүн 1-2 далили, аргументи дайыма айтылат. Бирок ал аргументти мен дайым тырмакчанын ичинде колдонгум келет, себеби аны далил же аргумент катары көргүм келбейт болчу.
Алардин биринчи аргументи мындай: “Нооруз – отко сыйынгандардын майрамы, дал ошол себептүү биз да аны майрамдасак, отко сыйынып калып, динден чыгып калат экенбиз”,-дешет. Бирок бул отко сыйынгандардын майрамы эмес экенин жогоруда айтып кеттим. Бул – Батыш Азиядагы табият менен таттуу мамиледе болгон, андан өзүнүн нанын таап жеген элдердин баарында эле майрамдалган. Анан дагы “Перстер отко сыйынат, демек алардан келген байыркы майрам болгон үчүн отпарастардын майрамы”,-дешет. Жок! Перстерге да энчилеп берген туура эмес экенин Батыш Азиядагы калктардын тарыхын, маданиятын карап көрсөк, көбүндө эле белгилешет. Биздин исламды кабыл алгандан кийин деле, Орто Азиядан чыккан аалымдардын Нооруз наамаларында исламдын принциптерине каршы келбегени, майрамдаса сопсонун жара турганы жазылган.
Экинчи бетке карманган нерсеси мындай: “Пайгамбарыбыз бир күнү Мадинага барыптыр. Ал жерде Нооруз майрамдалып аткан экен. Анан айтыптыр: “бул майрамдан көрө мен силерге жакшыраак эки майрамды сунуштайт элем, муну майрамдабай эле койгула”,-деген хадиси жөнүндө айтылат. Мен ал хадисти да карап көрдүм, эң эски, эң биринчи булакта бул хадистин ордун да таптым. Ал жерде Нооруз деген өтпөйт. Мадиналыктар отко байланышкан, от менен майрамдалган майрамды белгилеп аткандыгына байланыштуу нерселер айтылат. Бирок ал жерде так “Ноорузду майрамдап аткан”,-деген маалымат жок.
Анан: “муну майрамдасаңар каапыр болосуңар”,-дегенге азыркы замандагылардын башы жетип аткангана караганда, пайгамбардын башы миң эсе көбүрөөк жетмек. Ал так эле айтып коймок: “каапыр болосуңар, динден чыгасыңар. Буга тийишпегиле, майрамдабагыла”,-деп. Ал “мындан жакшыраак эки майрам”,-деп атат.
Анан тарыхий дагы бир ой жүгүртүү кылып көрө турган болсок, билесиздер, перстер менен арабдар дайыма маданий атаандашууда жашап келишкен. Башка өлкөлөрдүн, башка маданияттардын, элдердин ортосунда болгондой эле, булардын ортосунда деле болгон. Мадинада Нооруз майрам күнүн перстерден алып майрамдалып калышы ыктымалы аябай узак. Эмне үчүн? Биринчиден Мадина – географиялык өзгөчөлүк катары дыйканчылык жана чарба менен жан баккан өрөөн же чөлкөм эмес. Соода-сатык менен алектенишкен. Андыктан ал жерде Нооруздун майрамдалышы мүмкүн эмес болчу. Демек, пайгамбарыбыз Ноорузду тыйган деген ой-пикир далилсиз, алар ушул пикирди айткандардын далилин көрсөткөн хадиси кадимки түз Нооруз майрамынын тыйылганы айтылбайт. Бул жоромолго гана таянат. Менин оюмча, ушул жерде хадисте Ноорузду айткан болуш керек дегендей жоромолго гана таянат. Билесиздер, жоромол, далил катары, айныгыс бир акыйкат катары кабыл алынбашы керек.
– Азыркы коомдо ушул багыттагы пикирлердин кагылышуулары болуп атпайбы. Ушундай шартта дагы кандай пикир айтасыз?
– Мен Ноорузду майрамдагыла деп үндөбөйм же майрамдабагыла, динден чыгасыңар да дебейм. Майрамдап келишсе, майрамдашсын, бул динден чыгарбайт. Бул – адамды каапыр кылбайт, тозокко түшүрбөйт. Ал эми “жок мен майрамдабай эле коеюнчу”,-дешсе бул деле боло берет. Ага Ноорузду майрамдабай койгону үчүн күнөө жазылбайт. Андыктан менин бир эле сунушум – Ноорузду ортого салып, карылашып, эки жаат болуп, “сен каапырсың, мен мусулманмын”,-деп урушуштун кереги жок. Ал бир негизсиз, убарагерчилик. Бул – адамдардын ортосундагы ынтымакты, биримдикти качырат. Майрамдагандар майрамдай берсин, ал да мусулман, алар да биздин бир тууганыбыз. Майрамдабагандар майрамдабай эле кое берсин, алар деле биздин бир туугандарыбыз. Маселе жок.
– Ноорузга байланыштуу мен сурабай калган дагы кандай жагдайга көңүл бурган оң деп ойлойсуз?
– Бул эми маданияттардын жарышы да. Бул нормалдуу көрүнүш. “Нооруз биздин салт-санаабызда жок, бул башка маданияттан кирген терс көрүнүш”,-дешет. Мен салт-санаа деген сөздүн дагы тарыхын карап, изилдеп көрдүм. Ислам адабияттарында илимпоз Насафий ушул терминди биринчи жолу колдонуптур жана анын тааныштыруусунда “салт-санаа” деген сөз өзү табиятынан бир коомго, бир элдин маданиятына жаңы кирген нерсе. Демек, жаңы кирген учурда алардын ага чейинки жашап жаткан эрежелерине, ой-чабытына, дүнө көз карашына жана абийирине төп келген нерсе. Бул жоктон бар болбойт, адамдын ичинен туулуп чыкпайт. Эгер Ноорузду башка маданияттан келди деп, аны кийин келип сиңишип кетти дей турган болсо, бул деле нормалдуу көрүнүш. Демек, ошол учурда ата-бабаларыбыз кабыл алып, ушул нерсени, мисалы, бүгүн деле ой жүгүртүп көрсөк, биздин мусулманчылыгыбызга, кыргыздыгыбызга же жашоо философиябызга одоно каршы келип, аларды динге киргизип же чыгара турган бир жан жок.
Кыргыз мусулман болуп жашайт. “Менин улутум, иденттүүлүгүм кыргыз, диним ислам”,-деп жашайм дегендерге Нооруз эч кандай алардын уйкусун качырбайт же аларды динден чыгарып же киргизип жибере турган анын кандайдыр бир өзгөчөлүгү жок. Мен маданияттардын согушу, алардын атаандашы деп ошол үчүн айтып атам. Анан “Жок, мен канчалык арабдарга окшоп жашасам, ошончолук мусулман болом, же “канчалык пакистандыктарга же индиядан үйрөнгөндөй, ошол жактагы мусулмандарга окшош кылсам гана мусулман болом, калган бардык, бүгүнкү күнгө чейинки маданиятымды, түшүнүгүмдү, дүйнө көз карашымды, иденттүүлүгүмдүн баарын жокко чыгарышым керек”,-деген түшүнүк болуп атат. Ушул түшүнүктүн баарын жок кылып, анан мен айткан кишилерге, маданияттарга окшошуп жашайм десе, анда Нооруз анын уйкусун качырат. Аларды “динден чыгып калам, эртең тозокко түшүп калат окшойм”,-деген кыжаалатчылык каптайт.
Негизи эмнеге көңүл буруш керек? Ноорузду майрамдаса динден “чыгат-киреттен” мурда, жогоруда айтып кеткендей, бул эч кандай талашып-тартышып, бири-биринин көңүлүн калтыра турганга негиз жок маселе. Бирок биз ушул ызы-чууну токтотолу, ынтымакташып жашабайлыбы десек, бир кадам аркадан башташыбыз керек. Башкача айтканда, дин менен үрп-адаттын карым-катнашы, байланышы деген жерден башташыбыз керек. Ислам бир элге жаңы келгенде: “бардык үрп-адатыңарды жок кыласыңар, биздин гана айтканды жасайсыңар”,-деп келеби? Же “бүгүнкү күнгө чейинки үрп-адатыңар, иденттүүлүгүңөр, салт-санааңар, эгер абийириңерге, жан-дүйнөңөргө туура келсе, исламдын принциптерине да одоно каршы келбесе, анда аны менен кошо эриш-аркак жашай берсеңер болот”,-деп келеби? Албетте экинчиси.
Биз Орто Азияда карманган мазхабдын дагы ченемдеринде салт-санаа – кандайдыр бир маселеде керек болсо, диндин ачык өкүмү жок болсо, анда ал жерде ошол салт-санаа шарияттын ордуна өтөт. Ага ушунчалык маани берилет. Демек, исламдын принциптерине одоно каршы келбей турган болсо, салт-санаа – кези келгенде шартияттын ордуна өтө турганчалык күчкө ээ. Муну биздин бул чөлкөмдө кармалган мазхабдык ченемдер айтып атат. Кыргыз болуп, кыргыз иденттүүлүгүн, анын баалуулугун сактаганча эле мусулман болуп жашасам да, бейишке кирет экемин деген нерсени так түшүнүп алса жакшы.
– Рахмат маегиңизге.
Маектешкен: А.Белеков.



















