Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен өлкөнүн Коргоо министрлигинин мурдагы башчысы Йоав Галлантты камакка алууга ордер берди.
“ЭКСнын Сотко чейинки палатасы эки адамды, Беньямин Нетаньяху менен Йоав Галантты минумум 2023-жылдын 8-октябрынан 2024-жылдын 20-майына чейинки аралыкта адамзатка каршы кылмыштар жана согуш кылмыштары үчүн камоого ордер берди” деп билдирди ЭКС.
Мындан тышкары, палата бул чечимди кабыл алуудан мурда ЭКСнын бул маселени кароого укугу жок деген Израил тараптын каршы пикирин четке какканын белгиледи.
Израил 2024-жылдын 26-сентябрында Эл аралык кылмыш сотуна эки өтүнүч менен кайрылып, анда Палестинанын жалпы абалына жана өзгөчө Израил жарандарына карата Соттун юрисдикциясына шек келтирген.
Буга чейин дүйнөлүк ММКлар Евробиримдик Израил өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнө каршы санкцияларды киргизиши мүмкүн деп жазган.


















