Казакстанда 6-октябрда өткөн референдумда казакстандыктардын 70%га жакыны атомдук электр станциясын курууга добуш берген. Бул тууралуу “Астана комплекстүү изилдөө институту” жеке фондунун экзит-поллдун маалыматы тастыктайт.
Казакстандын шайлоо комиссиясы расмий жыйынтыктарды 7-октябрда жарыялоону пландоодо. Комиссиянын маалыматына караганда, референдумга шайлоочулардын 64% жакыны катышты.
Референдумда добуш берген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев атомдук электр станциясын куруу планын “эгемендүү Казакстандын тарыхындагы эң ири долбоор” деп атады. Ал эң заманбап технологиялары бар дүйнөлүк компаниялардын консорциумунун атомдук электр станциясын куруусун колдоду. Франция, Орусия, Кытай жана Түштүк Кореянын компаниялары атомдук электр станциясын куруу боюнча келишимди утуп алуу үчүн ат салышууда.
Президент Касым-Жомарт Токаев 2-сентябрда Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча референдум өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон.
Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча талкуулар бир нече жылдан бери уланып келет. 2023-жылы сентябрь айындагы кайрылуусунда Токаев бул маселе боюнча жалпы элдик референдум жарыялаган. Балхаш көлүнүн жээгинде жайгашкан Алма-Ата районундагы Улкен айылы — курулуш аянты үчүн аныкталып, алгачкы коомдук талкуулар ошол жерде өттү.



















