Израилдин прокурорлору премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун жубайы Сарага күбөнү коркутууга жана күйөөсүнө каршы коррупциялык иликтөөгө тоскоолдук кылууга аракет кылган деген шек менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Израилдин прокуратурасына таянуу менен Times of Israel басылмасы жазып чыкты.
Басылманын маалыматы боюнча, Кнесеттин депутаты Наама Лазиминин өтүнүчүнөн кийин Мамлекеттик прокуратура Сара Нетаньяхуга каршы 2024-жылдын 26-декабрында тергөө башталганын жарыялаган.
Тергөө иштерин Израилдин полициясы Мамлекеттик прокуратуранын киберкылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмү менен биргеликте жүргүзүүдө. Бул окуя 12-каналдагы “Увда” программасындагы репортаждан кийин болгон.
Баяндамада Сара Нетаньяху күйөөсүнүн маркум жардамчысы Ханни Блейвейске премьер-министр соттолуп жаткан иштин негизги күбөсү Хадас Клейнге каршы нааразылык акцияларын жана онлайн өнөктүктү уюштурууну тапшырган деп айтылат.
“Премьер-министр Нетаньяхунун жубайы Сарага каршы кылмыш ишин козгоо тууралуу Башкы прокуратуранын расмий билдирүүсүн алуу парламенттин көзөмөлү, сот адилеттиги жана мыйзам үстөмдүгү үчүн маанилүү”,-деди Лазими прокурордун суроолоруна жооп берип жатып.
Лазиминин айтымында, премьер-министрдин жубайы «прокуратура кызматкерлерине зыян келтирүү жана күбөнүн беделин түшүрүү максатында иш кылган» жана ал жоопкерчиликке тартылышы керек.
Сара Нетаньяху Клейнге карата мыйзам бузуулар болгондугун четке кагууда. Белгилей кетсек, Клейн 2019-жылы премьер-министрдин резиденциясында штаттык ашпозчу болуп турганда тамак-ашка 50 миң долларга жакын мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланган деп соттолгон.



















