Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги израил-палестина жаңжалынын курчушуна байланыштуу билдирүү таратты.
«Кыргыз Республикасы көптөгөн курмандыктарга жана кыйроолорго алып келген израиль-палестина жаңжалынын курчушуна кооптонуу жана тынчсыздануу менен көз салып турат.
Тынчтыкты орнотуу, калкты коргоо жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтыруу максатында тараптарды согуш аракеттерин токтотууга жана саясий-дипломатиялык диалогду мүмкүн болушунча тезирээк баштоого чакырабыз», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Буга чейин ТИМ Израилдеги кагылышууда жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирген.
Кыргызстандын Израилдеги элчилиги (резиденциясы Анкарада жайгашкан) Израилде жашаган кыргыз жарандарын өлкөнүн чек арага жакын, куралдуу кармаш жүрүп жаткан аймактарына барбай турууга чакырган.
Израиль-Палестина жаңжалы
Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы жаңы жаңжал 7-октябрда башталды.
Палестиналык ХАМАС кыймылы Израилге каршы «Аль-Акса топон суусу» операциясын баштаганын жар салып, Израилдин аймагына миңдеген ракета учурган. Эртең менен жасалган массалык ракеталык чабуулдардан кийин ХАМАСТын мүчөлөрү Израиль менен чек арадагы шаарларга кирип келген.
Израиль армиясы ага жооп катары Газа секторунда ХАМАСка каршы «Темир кылыч» операциясын баштап, Газага абадан сокку уруп жатат.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкө согуш абалында экенин айтып, резервдерди кеңири мобилизациялоого буйрук берген.
Куралдуу жаңжалда эки тарапта тең жоготуулар болууда. Акыркы маалыматтарга караганда, израилдик тараптан 700дөн ашуун адам набыт болуп, 2000ден ашууну жарадар болуп, жүздөгөн адамдар дайынсыз жоголгон; Палестина тараптан 400дөн ашык киши каза таап, 2000ден ашууну жарадар болду.
Израилдин түштүгүндө жана Газа тилкесиндеги активдүү салгылашуулар жүрүп жаткан аймактарда эки тарап тең жарандарды эвакуациялоодо.