Израилдин аба күчтөрү Ливандын түштүгүндөгү бир нече районго авиасокку жасаганын жергиликтүү булактарга шилтеме берүү менен “Fars News” агенттиги жазды.
“Аль-Маядин” телеканалынын Ливандын түштүгүндөгү кабарчысы израилдик согуштук учактар Жебель-Сафи жана Аклим ат-Туффах райондоруна кеминде сегиз массивдүү сокку жасаганы тууралуу билдирди.
Кийинчирээк “Younews” маалымат агенттиги Израилдин коопсуздук кызматындагы бир булакка таянып, Ливандын түштүгүнө жасалган соккулар “Хезболлага” каршы кеңири кампаниянын бир бөлүгү экенин билдирди.
“Al-Manar” телеканалы кабарлагандай, Израиль ошондой эле Набатия менен Сайда аймактарынын ортосунда жайгашкан Вади-Изза районуна да сокку урулган.
Курман болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча жок.
Кийинчирээк Израил армиясы Ливандын түштүгүндөгү “Хезболлага” таандык аскердик объектилерге жана окутуу комплексине сокку урушканын билдирди.
“Бир нече убакыт мурун Израилдин аскерлери Ливандын түштүгүндөгү бир нече аймактарда Хезболлага таандык инфраструктурага сокку урду”, — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин 16-ноябрда Израилдин аскерлери Ливандын түштүгүндөгү бейпилдик күчтөрүнө чабуул койгон. Анда Бириккен Улуттардын Уюмунун Ливандагы убактылуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы (UNIFIL) мындай аракеттер БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын Израил тарабынан олуттуу түрдө бузуу болуп санала тургандыгын баса белгилеген.

















