Израилдин аскерлери Газа шаарына масштабдуу чабуул баштап, шаар массалык бомбалоого дуушар болду.
Операция 15-сентябрь кечинде башталып, алгач ЦАХАЛдын аба күчтөрү шаарды аткылоого алган, андан кийин танктар киргизилген. Ynet маалыматына ылайык, жыйырма мүнөттүн ичинде Газага 37 сокку урулган, анын ичинде тик учактардан да аткылоо болгон. WAFA агенттигинин билдиришинче, 62 адам набыт болгон.
Жөөт мамлекетинин Коргоо министри Исраэль Кац ХАМАС толук талкаланмайынча шаарда аракеттер уланарын билдирди.
Бүгүн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ага каршы жүрүп жаткан соттук иштин биринде Газа шаарында кеңири операция башталганын ырастаганын Kan телерадиокомпаниясы кабарлады.
Буга чейин ЦАХАЛдын Башкы штаб башчысы Эяль Замир, “Моссаддын” жетекчиси, ички коопсуздук жана аскердик чалгын кызматынын башчылары Нетаньяхуга операциядан карманууну сунушташканы маалымдалган. Алардын айтымында, чабуул – шаардагы израилдик туткундардын өмүрүнө коркунуч туудурат, ЦАХАЛ оор жоготууларга учурашы мүмкүн, Тель-Авив Газада аскердик башкаруу орнотууга аргасыз болот жана ХАМАС толук жок кылынбашы мүмкүн деген кесепеттерге алып келет.
Операция башталгандан кийин израилдик барымтадагылардын үй-бүлөлөрү Иерусалимде Нетаньяхунун резиденциясынын жанында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар жакындары израилдик соккулардан курман болушу мүмкүн экенин айтышууда.
“Гидеондун арабалары – 2” операциясы жана Газадагы ачарчылык
Израиль премьери 21-августта Газаны толук көзөмөлгө алуу жана ХАМАСты талкалоо боюнча планды бекиткен. Ал анклавдын бүт аймагын басып алып, “коопсуздук периметрин” түзүүнү, кийин аны жарандык өкмөттүн башкаруусуна өткөрүүнү көздөп жатканын билдирген.
Бир катар өлкөлөр, анын ичинде Египет менен Катар Израилдин бул пландарын айыпташкан. Август айынын ортосунда алар 60 күндүк ок атышууну токтотуу жана кийин толук тынчтыкка жетүү боюнча сунуш киргизишкен. Макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 7-октябрында барымтага алынган израилдик туткундардын жарымы палестиналык айрым туткундарга алмаштырылмак. ХАМАС бул демилгени колдогон, бирок Тель-Авивден жооп болгон эмес.
Акыркы айларда Израиль Газанын блокадасын күчөтүп, азык-түлүк жана дары-дармектердин жеткирилишине жол бербей жатат. Бул ачарчылыктан адамдардын курман болушуна алып келди. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму алгачкы жолу бул аймакта катастрофалык ачарчылык абалы жарыяланганын маалымдады.
Мындай деңгээлдеги ачарчылыкты БУУ буга чейин болгону эки ирет гана тастыктаган: 2017-жылы Түштүк Суданда жана 2011-жылы Сомалиде.
Газадагы администрациянын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин чабуулдарынан каза болгондордун саны 64 миңден ашкан, алардын басымдуу бөлүгү — жай тургундар.


















