2026-жылга карата Италия Өзбекстандын жарандары үчүн 1500 жумушчу квота бөлөт. Анда туризм, машина куруу жана айыл чарба тармагындагы квалификациялуу кадрларга артыкчылык берилет.
Өзбекстан менен Италия миграция жана жумуштуулук жаатында кызматташуу активдешип жаткандыгын өлкөнүн Миграция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган агенттиктин директору Бехзод Мусаев менен Италиянын Ташкенттеги элчиси Пьергабриэле Пападиа де Боттини Италиянын премьер-министри Жоржио Мелонинин өлкөгө болгон иш сапарынын алкагында кол коюлган меморандумду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
“Миграция маанилүү тармак жана Өзбекстан өзүнүн тажрыйбасы менен Борбор Азия өлкөлөрү үчүн үлгү боло алат”, – деди Пападиа де Боттини.
Италиялык тарап Өзбекстандын машина куруу, айыл чарба жана туризм тармагындагы адистерине кызыгуусун билдирди.
“Кол коюлган меморандум тарыхый документ. Ал боюнча көп иштер жасалды. Мен анын тезирээк ишке ашырылышын колдойм. Миграция маанилүү тармак жана Өзбекстан өзүнүн бай тажрыйбасы менен Борбор Азия өлкөлөрү үчүн үлгү боло алат”, – деди элчи.
Анын айтымында, 2026-жылдан тарта Өзбекстандын жарандарына жумушка орношуу үчүн 1500 квота бөлүнөт. Өзгөчө машина куруу, туризм жана айыл чарба тармагындагы адистер талап кылынат.
Эскерте кетсек, буга чейин Миграция агенттиги Япония менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 10 миң өзбекти беш жылдык мөөнөткө ишке орноштуруу боюнча эки тараптуу келишимге кол коюшкан.


















