Иран ракеталарды өндүрүүнү улантууда жана тартыштык жок.
Буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иран мындан ары ракета өндүрө албайт деп билдирген. Бирок Ислам Революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) өкүлү Тегеран бул өндүрүштү улантып жатканын жана эч кандай тартыштык жок экенин айтты.
Иран АКШ жана Израиль менен согуш шартында да ракеталарды өндүрүүнү улантууда. Бул тууралуу генерал жана ИРСКтин өкүлү Сардар Али-Мохаммад Наини билдирди.
«Биз согуш шартында да ракета өндүрүүнү улантып жатабыз — бул таң каларлык көрүнүш. Ошол эле учурда кампаларда да олуттуу көйгөйлөр жок. Албетте, бизде душманды таң калтыра турган нерселер бар. Убакыт өткөн сайын согуш аракеттери дагы да татаал, күтүүсүз жана таасирдүү болот», — деп анын сөзүн Mehr News Agency келтирди.
19-мартта Израилдин премьер-министр Биньямин Нетаньяху Иран мындан ары ракета өндүрө албай турганын жана уранды байытууну токтотконун айткан. Анын сөзүнө караганда, Ислам Республикасы «эч качан болуп көрбөгөндөй алсырады».
South China Morning Post басылмасы кытайлык аналитиктердин эсептөөлөрүнө таянып, Ирандын ракеталары жана дрондору дагы 2–3 айга жетиши мүмкүн экенин жазган. Ошол эле учурда эксперттер Ирандын ракеталык потенциалын толугу менен жок кылуу реалдуу эмес деп эсептешет.
АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) башчысы, адмирал Брэд Купер 6-мартта АКШ президенти Дональд Трамп армияга Ирандын баллистикалык ракеталарды өндүрүүчү өнөр жай комплексин жок кылуу тапшырмасын койгонун билдирген. Анын айтымында, АКШ бул милдетти аткарууга даяр, бирок бул «бир аз убакытты талап кылат».


















