Европа Биримдигиндеги өлкөлөр Израилдин Газа секторундагы аракеттерине байланыштуу сөз жүзүндөгү айыптоолор жетишсиз экенин моюнга алып, иш жүзүндө чара көрө башташы керек. Бул тууралуу Ирландиянын тышкы иштер министри Саймон Харрис Копенгагенде өтүп жаткан ЕБнын тышкы иштер жана коргоо министрлеринин бейрасмий жыйынында айтты.
Анын айтымында, ЕБ Израил менен болгон ассоциациялык келишимди жана башка макулдашууларды кайра карап чыгып, 10 ар башка тармак боюнча санкция же рестрикция киргизиши мүмкүн.
«Мен Ирландия элинин атынан так билдиргим келет: айыптоолордун убактысы бүттү. Алар маанилүү, бирок жетишсиз. Биз Израил менен ЕБнын ассоциациялык келишимин кайра карап чыгуу зарылдыгын көптөн бери айтып келгенбиз, эми ал ишке ашууда. Израил адам укуктарын сактоо боюнча өз милдеттенмелерин такыр аткарбай жатканы айдан ачык. Айрым ЕБ өлкөлөрү Израилге убакыт бериш керек дешүүдө, бирок эч нерсе өзгөргөн жок. Дүйнө азыр Европага карап турат — ал ишке өтөбү же жокпу», — деди Харрис.
Министр ЕБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен рестрикциялардын мүмкүн болгон варианттарын талкууларын кошумчалады. Анын айтымында, санкциялардын максаты — Газа секторундагы ок атышууну токтотуу, гуманитардык жардамды камсыз кылуу жана ХАМАС тарабынан кармалып турган израилдик туткундарды бошотуу.
Эске салсак, 8-августта Израилдин аскердик-саясий кабинети Газа шаарын толук көзөмөлгө алуу жана операцияны кеңейтүү планын жактырган. 18-августта ХАМАС ок атышпоо боюнча ортомчулардын сунушуна макул болгонун билдирген, бирок 20-августта Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Газа шаарын басып алуу планын бекиткен. Израил армиясынын бөлүктөрү Газанын чет жакасында аракеттерди баштаганы кабарланган.

















