Бир катар дүйнөлүк державалар Ирандын өзөктүк программасы боюнча маселе ийгиликтүү жөнгө салынган учурда Тегеранга карата экономикалык басымды токтотууга даяр экенин билдиришти.
Франция, Италия, Улуу Британия жана Германиянын Иранга каршы санкцияларды алып салуу мүмкүнчүлүгү тууралуу биргелешкен билдирүүсүнө дагы 17 өлкө кошулду. РИА Новости агенттигинин маалыматына ылайык, мындай чечим «Тегерандын өзөктүк программасы боюнча конструктивдүү кадамдарына» жооп катары кабыл алынат. Бул тууралуу документ Улуу Британия өкмөтүнүн расмий резиденциясы болгон Даунинг-стрит тарабынан жарыяланган.
Буга чейин Италия, Франция, Германия жана Улуу Британия биргелешкен декларация кабыл алышкан. Анда Тегеран менен Вашингтондун ортосунда келишим түзүлгөндөн кийин чектөөлөрдү алып салууга даяр экендиктери белгиленген. Өлкөлөр АКШ менен Ирандын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду кубатташты.
Билдирүүдө АКШ, Иран жана Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен кызматташуу ниети белгиленген. Негизги максат — Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө. Бул багытта «так жана ишенимдүү кадамдар» жасалса, өлкөлөр санкцияларды алып салууга даяр экенин билдиришти.
Бул демилгеге ошондой эле Япония, Канада, Австралия, Бельгия, Болгария, Кипр, Доминикан Республикасы, Эстония, Финляндия, Греция, Латвия, Польша жана Португалия кошулду.
Буга чейин АКШнын президенти Доналд Трамп Иран менен келишим түзүлгөнүн ырастаган. Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гариб-Абади өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 19-июнда Швейцарияда кол коюларын билдирген.
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Вашингтон менен Тегерандын ортосунда тынчтык келишимдерине жетишилгенин оң баалады.


















