Иорданиянын Амман шаарында сто тенниси боюнча жаш спортчулардын «Asia Hopes Week & Challenge» турнири жыйынтыкталды.
Ага Иран, Ирак, Казакстан, Ливан, Сауд Аравия, Шри-Ланка, Ливия, Малайзия, Сирия, Сингапур, Таиланд жаан Өзбекстандан спортчулар катышты.
Балдар жана кыздар арасында Ирандын жана Малайзиянын спортчулары алгачкы үч орунду ээлешип, 1-7-ноябрда Парагвайда өтө турган дүйнөлүк «ITTF World Hopes Week and Challenge» турнирине жолдомо утуп алышты.
Эркектер арасында байгелүү оурндарды төмөнкү спортчулар алышты:
1-орун Ясин Шоари (Иран);
2-орун Пакзад Рахимян (Иран);
3-орун Пхумифат Нойта (Таиланд).
Кыздар арасында:
1-орун Дания Хафис (Малайзия);
2-орун Джитнада Юнджит (Таиланд);
3-орун Чу Ке Ин (Малайзия).


















