Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад-Реза Ареф Россия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Mehr маалымат агенттигинин билдиришинче, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары кеңешинин 24-жыйынына катышуу үчүн Москвага келген Ареф Россиянын борборуна болгон сапарынын биринчи күнүндө өлкөнүн премьер-министри менен жолуккан.
Шанхай кызматташтык уюмуна Иран, Россия, Кытай, Индия, Пакистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан ж.б. өлкөлөр кирет. Бул эл аралык уюм дүйнөлүк аймактын кеминде 24 %ын, Евразиянын 65 % аймагын жана дүйнө калкынын 42 %ын түзөт.
2024-жылга карата анын ички дүң продукциясы (ИДП) дүйнөлүк ИДПнин болжол менен 36 %ын түзгөн.
Ирандын биринчи вице-президенти дүйшөмбү күнү эртең менен Тегерандан Москвага Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчылары кеңешинин 24-жыйынына катышуу үчүн учуп кеткен.


















