Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Сейед Аббас Аракчи «Аль-Жазира» телеканалына берген маегинде МАГАТЭ менен кызматташуунун келечеги, АКШ жана Израилдин Иранга каршы саясаты, ядролук маселени чечүүдөгү дипломатиялык жолдор жана Иран элинин позициясы тууралуу кеңири маек берди.
Израилдин коркутуулары жана психологиялык согуш
Аракчи Израиль Иранга кайрадан кол салуусу мүмкүн деген сөздөр көп айтылып жатканын айтып, буга байланыштуу маанилүү жагдайларга токтолду.
Анын айтымында, азыр алар негизинен психологиялык согушка басым жасап жатышат. Психологиялык согуш — чыныгы согуштун бир бөлүгү болуп саналат. Максаты — өлкө ичинде коркунуч, чыңалуу жана тынчсыздануу жаратуу. Бул Иранга каршы жүргүзгүсү келген кеңири согуштун бир бөлүгү болуп саналат.
Ал белгилегендей, Иран эли мындай психологиялык согушка көнүп калган. АКШ менен Израиль көп жылдан бери ушундай билдирүүлөрдү жасап келишет. Узак убакыт бою АКШ бардык варианттар, анын ичинде аскердик вариант да бар деп айтып келген. Бул коркутуулар коомдо коркуу сезимин пайда кылууга багытталган жана азыр да дал ушундай аракеттер жүрүп жатат.
АКШ менен Израиль 12 күндүк согуш ийгиликсиз тажрыйба болгонун билишет
Аракчи белгилегендей, АКШ да, Израиль режими да өткөн согуштун, тактап айтканда 12 күндүк согуштун ийгиликсиз болгонун жакшы билишет. Чынында алар өздөрүнүн максаттарына жете алышкан жок. Алар бул тажрыйбаны кайра-кайра кайталай берсе да, жыйынтыгы да ошол эле болот.
“Биздин куралдуу күчтөр толук даяр, элибиз да өлкөнү коргоого ар дайым даяр. Бирок бул биз согушту каалайбыз дегенди билдирбейт. Биз, албетте, маселелерди дипломатия жолу менен чечүүнү жактайбыз. Мен Нью-Йоркто жүргөндө да дал ушул максатта аракет кылдым — дипломатия үчүн мүмкүнчүлүк түзүүгө умтулдум. Бирок, тилекке каршы, европалык өлкөлөр менен АКШ “snapback” механизми боюнча алдын ала чечим кабыл алып, ашкере талаптарды коюшту.
Биз үчүн дипломатия — башкы артыкчылык. Ошол эле учурда ар кандай сценарийге даярбыз. Мурдагы согушта көрсөткөндөй, зарыл болсо өлкөбүздү толук даярдык менен коргойбуз”, – деди Ирандын ТИМ башчысы.
Ирандын ядролук маселесинин аскердик чечими жок
Аракчи билдиргендей, Ирандын ядролук маселесинин аскердик чечими жок.
“Имараттарды талкалап, жабдууларга зыян келтирсе болот, бирок технологияны бомбалар жана аскердик соккулар менен жок кылуу мүмкүн эмес. Билимди бомбалар менен жок кылуу мүмкүн эмес. Бир катар илимпоздор өлтүрүлсө да, технологияларды улантып алардын ордун башкалар толтурат. Эң негизгиси, бир улуттун эркин бомбалоо менен жок кылуу мүмкүн эмес.
Ошондуктан, аскердик чабуул канчалык масштабдуу жана чоң держава тарабынан жасалса да маселени жеринде чече албайт. Бул алардын өздөрү башынан өткөргөн тажрыйба. Алар көп жылдар бою аскерий чабуул жасайбыз деп коркутуп, аны ишке ашырышты, бирок каалаган натыйжага жетишкен жок”, – деди Аракчи.
Анын айтымында, согушка чейин эле Иран эли узак жылдар бою санкцияларга туш болуп келген. Бирок эч бир маселе чечилген эмес. Мындай кырдаалда сүйлөшүүлөргө жана дипломатияга негизделген жолдон башка чечим жок. Акыры баары бир ошол жолго кайтууга мажбур болушат.
Ал 12 күндүк согуш учурунда Ирандын ядролук объектилери аба соккуларынын натыйжасында олуттуу зыян тартып, көптөгөн жабдуулар жок кылынганын айтып, бирок билим жана технология жок кылынбаганын жана Иран элинин эрки сынбаганын белгиледи.
“Жогорку лидер айткандай, Ирандын ядролук технологиясы импорттолгон эмес. Ал ирандык илимпоздордун эмгегинин жыйынтыгы. Ошондуктан аны кайра калыбына келтирүүгө болот. Демек, ядролук программа жок болгон жок”, – деди министр.
Эгер АКШ менен согуш болсо — алардын базалары бутага алынат
Аракчи 12 күндүк согуш учурунда Иран Катарга кол салбаганын, АКШнын Катар аймагындагы базасына сокку урганын билдирди.
“Эгер Иран менен АКШнын ортосунда согуш чыгып, АКШ биздин ядролук объектилерге чабуул жасаса, анда алар өз базаларына сокку уруларын күтүшү керек. Ал базалар кайсы өлкөдө жайгашканы маанилүү эмес. Биз коңшу өлкөлөр менен достук мамиледебиз, Катар же башка аймактагы өлкөлөр менен эч кандай көйгөйүбүз жок. Бирок тилекке каршы, АКШ базалары айрым өлкөлөрдүн аймагында жайгашкан. Демек, биздин согуш АКШ менен болот, соккулар да АКШнын базаларына багытталат”, – деп билдирди Ирандын ТИМ башчысы.
Ошол эле учурда Аракчи мындай окуя кайталанбайт деп үмүттөнөрүн, 12 күндүк согушта америкалыктар согушту тез арада токтотуу керек экенин түшүнүшкөнүн белгиледи.
“Бирок мен акыркы 20 жылдан бери өзөктүк сүйлөшүүлөргө катышкан адам катары, өзөктүк сүйлөшүүлөрдү алдыга жылдырган жана ишке ашырган адам катары жана азыр Ирандын тышкы иштер министри катары эки тарап бири-биринин укуктарын сыйлап, өз ара пайданын негизинде макулдашууга жетишүүгө даяр болсо, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө толук мүмкүн деп ишенем. Ал эми кимдир бирөө иран элинин укуктарын көз жаздымда калтыргысы келсе, биз келишимге келе албашыбыз табигый нерсе”, – деди ал.
Америкага эч качан ишенбейбиз
Ирандын ТИМ башчысы белгилегендей, иран тарап Америкага эч качан чынчыл сүйлөшүүчү катары ишенген эмес.
“Америка эч нерседе чынчыл болгон жок жана менин оюмча, Америкага эч ким ишене албайт, бирок бул дипломатиялык сүйлөшүүгө аракет кылууга тоскоолдук кылбайт. Америка менен сүйлөшүүлөрдүн мурунку айлампасында биз толук белгисиздиктин шарттарында сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, бирок реалдуулук Америка менен ар кандай сүйлөшүүлөргө ишенимибизди акырындык менен жоготтук. Ооба, Америка менен сүйлөшүүгө ишеним жок. Жогорку лидер дагы жакында Америка менен сүйлөшүү толук туңгуюк деген сөздү айтты.
Ошого карабастан, Иран Ислам Республикасы дипломатияга жана тынчтык жолу менен чечүүчү жолдорго ишенген өлкө катары ар дайым сүйлөшүүлөргө даяр болгон. Дипломатиянын желеги дайыма биздин колубузда. Эгер каршы тарап тең укуктуу негизде, урмат жана өз ара кызыкчылыктар менен сүйлөшүүгө даяр болсо, Иран жооп берет”, – деди министр.
Европанын үч өлкөсүнүн аракети — дипломатияга сокку
Аракчи Улуу Британия, Франция жана Германиянын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги аракеттерин кескин сынга алып, санкцияларды кайра жандандыруу дипломатияга олуттуу сокку болгонун айтты.
Анын пикиринде, санкциялар да, аскердик басым да маселени чечпестен, аны андан ары татаалдаштырат.
МАГАТЭ менен кызматташуу жана Каир келишими
Аракчи билдиргендей, Иранда көптөгөн адамдар МАГАТЭнин текшерүүлөрү жана маалымат топтоосу аркылуу маанилүү маалыматтар Израиль менен АКШга өтүп кеткен деп эсептешет. Натыйжада Ирандын ядролук объектилери чабуулга кабылды. Алар МАГАТЭнин инспекторлорун бул маалыматты таратканы үчүн айыпташууда.
Ошондуктан ИРан бийлиги аскердик операциялардан кийин аргасыздан МАГАТЭ менен кызматташууну токтотту. Себеби буга чейин бомбаланган ядролук объектилерди кантип текшерүү керектигин аныктаган эч кандай протокол жок болчу.
“Мен МАГАТЭнин башкы директору Гросси менен сүйлөштүм. Жаңы кызматташтык алкагын иштеп чыгуу боюнча макулдаштык. Иран менен агенттиктин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, акыры бул алкак Каирде кол коюлган. Бул Ирандын жакшы ниетинин белгиси болчу. Бирок, тилекке каршы, бул кадам толугу менен көз жаздымда калды. Европа өлкөлөрү менен АКШ Коопсуздук Кеңешинде “снэпбэк” механизмин иштетүүгө киришти. Ошондуктан, Каир келишими азыр мурдагыдай натыйжалуу эмес. Биз МАГАТЭ менен кызматташуубузду кайра карап чыгышыбыз керек”, – деди ал.
Америкалыктар Ирандагы улуттук биримдикке күбө болушту
Аракчи 12 күндүк согуш маалында АКШ Ирандагы улуттук биримдикти жана элдин өз өлкөсүнө болгон колдоосун көргөнүн белгиледи.
Ал Ирандын тагдырына ким болбосун сырттан чечим чыгарууга укугу жок экенин, бул иран элинин ички иши экенин белгиледи.
Министр АКШны Иран элин жана эл өзү үчүн тандап алган системаны урматтоого чакырды.
“12 күндүк согуш маалында америкалыктар Иран элинин улуттук биримдигин, өлкөсүн жана башкаруу системасын колдогонун көрүштү. Бул чечимди эч ким сырттан кабыл ала албайт”, – деп билдирди Аракчи.
















