Ирандын ракеталык чабуулунан улам Тель-Авивде ондогон имараттар жабыркады же жарым-жартылай кыйрады. Көптөгөн имараттардын терезелери сынып, айрымдары олуттуу жабыркап жашоого жараксыз болуп калган.
28-февралдан тарта АКШ жана Израил Иран аймагына сокку урууда.
Жооп катары Иран Израилдин ар кайсы аймактарына, анын ичинде Тель-Авивге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларына ракеталык чабуулдарды жасап жатат.
Ирандын чабуулдарынан улам Тель-Авивде жана Израилдин башка шаарларында ондогон аба соккуларынын сиреналары жаңырууда. Чабуулдардын натыйжасында жүздөн ашуун адам жаракат алганы маалымдалууда.
Иран бийлиги буга чейин америкалык аскер базаларын мыйзамдуу аскердик буталар деп эсептей турганын билдирген.























Discussion about this post