Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку Кеңешинин катчысы Али Лариджани Израилдин өлкөгө каршы баштаган 12 күндүк согуш учурунда Ирандын ракеталарынын соккусу сионисттик душманды толук үмүтсүздүккө салганын билдирди.
УККнын катчысы катары коңшулаш Иракка жасаган алгачкы сапары жана максаты тууралуу маегинде ал аймактык маселелер, албетте, өлкөнүн кызыкчылыгы жана улуттук коопсуздук үчүн маанилүү экенин айтты.
Ирандын жогорку даражалуу коопсуздук кызматкери АКШ менен Израилдин 13-июнда өлкөгө каршы башталган 12 күндүк согушуна токтолуп, сионисттик режим эң өнүккөн ракетадан коргонуу системаларына ээ болгонун, бирок согуштун ортосунда Ирандын ракеталарынын соккусу аларды толугу менен таасирсиз кылганын белгиледи.
Израилдин Иранга каршы ачкан согушунда душман кээ бир пикир келишпестиктерден улам ислам өлкөлөрү Иранды колдобойт деп күткөн, бирок ислам өлкөлөрү, өкмөттөрү да, калкы да Иран тарапка өттү, деп кошумчалады Ислам революциясынын лидеринин Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештеги өкүлү Ларижани.
Ал кошумчалагандай, Иракка болгон сапарда эки тарап тең коопсуздук маселелерин, ошондой эле маданий жана экономикалык демилгелерди илгерилетүү пландарын талкуулашты.
Тегеран менен Багдаддын ортосунда коопсуздук боюнча жаңы келишимге кол коюу эки тараптуу кызматташтыкты гана чыңдабастан, аймактык стабилдүүлүк менен коопсуздукту чыңдоого да олуттуу таасирин тийгизет, деп билдирди Ирандын коопсуздук кызматынын жогорку даражалуу өкүлү Иракка жасаган сапарынан кийин.















