Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Алжирдин президенти Абдельмаджид Теббунга куттуктоо телеграммасын жолдоп, аны жана Алжирдин элин Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын революциясынын 70 жылдыгы менен куттуктады.
Пезешкиан Иран менен Алжирдин ортосундагы мамилелерге 60 жыл болгонун белгилеп, Ислам Республикасы Алжир менен бардык тармактарда алакаларды бекемдөөгө даяр экенин билдирди.
Алжир Элдик Демократиялык Республикасы 1-ноябрды улуттук майрам — Революция күнү катары белгилейт. Мындан 70 жыл мурда Алжир эли Франциядан көз карандысыздык үчүн согуш баштап, ал 1962-жылы эгемендикке ээ болуу менен аяктаган.
Алжирликтер көз карандысыздык үчүн эң жогорку бааны төлөшкөн. Күрөштүн жүрүшүндө өлкөнүн 1,5 миллионго жакын жараны курман болгон. Француз колониализмине каршы сегиз жылдык согуштан кийин Алжир көз карандысыздыкка ээ болгон.


















