Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президентинин орун басары Али Наджафи Хошруди ирандык делегацияны баштап Тажикстандын борбору Душанбеге келди.
Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, Али Наджафинин сапары үч күнгө 15-апрелден 17-апрелге чейин созулат.
Сапардын алкагында ал Тажикстандын премьер-министри жана биринчи вице-премьер-министри менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө.
Али Наджафи сапардын биринчи күнү Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Завки Завкизода менен жолугушканын Ирандын “ISNA” агенттиги жазды.

Бул жолугушууда Иран менен Тажикстандын президенттеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана макулдашууларды кылдаттык менен улантуу зарылчылыгы баса белгиленип, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана соода кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн жолдору талкууланып, пикир алмашылды.
Ирандын биринчи вице-президентинин орун басары ошондой эле тышкы иштер, энергетика жана суу ресурстары, өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлери менен жолугушат.
Жолугушууларда Иран менен Тажикстандын ортосундагы түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланат.
Сапардын программасына ылайык, коноктор Тажикстандын Улуттук музейине жана “Истиклол” аянтына барышат.
Белгилей кетсек, Тажикстандын коргоо министри Эмомали Собирзода учурда Иранда расмий сапары менен жүрөт. Ал Ирандын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен коопсуздук жана коргонуу маселелерин талкуулап жатат.



















