Ирандык спортчулар Токио шаарында өткөн XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндарында жалпысынан 37 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу иран маалымат каражаттары кабарлашты.
XXV Сурдлимпиада оюндары 15-ноябрда Япониянын борборунда расмий ачылган. Бул ири спорттук иш-чарага 81 өлкөдөн 3081 спортчу, анын ичинде 2014 эркек жана 1067 кыз-келиндер катышты.
Ирандын 160 спортчудан турган делегациясы спорттун 12 түрү боюнча күч сынашты.
Ирандык спортчулар эң көп медалды каратэде (12), таэквондо (8), грек-рим күрөшү (6), эркин күрөш (5), дзюдо (4) жана ок атуу (2) боюнча утуп алышты.
Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндары бүгүн, 26-ноябрда аяктайт. Мелдештер (жайкы жана кышкы) төрт жылда бир өткөрүлүп турат. Биринчи Сурдолимпиада оюндары 1924-жылы Парижде өткөн.


















