Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Ирандык айымдар сулуулукка, келбетине көп көңүл бурушат экен

  • ТОП жаңылыктар
  • 04.08.2023 13:33

Loading

Жакында Ирандын алдыңкы “Fars News” маалымат агенттигинин чакыруусу менен Кыргызстандын 21 кишиден турган тележурналисттер делегациясы менен бирге Ислам республикасына таанышуу иш сапары менен барып келген “НТС” ТРКсынын башкы директору Айдай Ивакова сапардан алган таасирлери менен бөлүштү.

Иран мен баргым келген өлкөлөрдүн тизмесинде жок эле

Айдай Ивакова. Тегерандагы эң бийик “Милад” телемунарасы, 15-июль, 2023-жыл.

Буга чейин Иран тууралуу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан  маалыматтар аркылуу  гана  кабардар элем. Анда бул өлкөгө карата болгон санкциялар, чабуулдар, б.а терс өңүттөгү жаңылыктарды гана кезиктирип келгем.

Тема боюнча

Иранда ЖМК эми согуш аракеттеринин бир бөлүгү болуп калды

Иранда ЖМК эми согуш аракеттеринин бир бөлүгү болуп калды

18.08.2026

Негизи эле Иран жабык өлкө катары кабылданып келгендиктен, чынын айтсам, бул мамлекет мен баргым келген өлкөлөрдүн тизмесинде жок  эле. Анан Ирандагы ири “Fars News”  маалыматтык  агенттигинин Кыргызстандагы  өкүлчүлүгүнөн Персияны көрүп, таанышып келүүгө сунуш түшкөндө – кубануу  менен кабыл алганым менен бир аз күмөн ойлор болгонун жашыра албайм. Анткени, маалыматтар баары бир адамга өз таасирин тийгизбей койбойт.

Бирок,  кесибиме байланыштуу  бардык нерсеге кызыгуу менен карагандыктан, бул өлкөдөгү абалды өз көзүм менен көрүп келүүгө ашыгып бардым.

Калпак кийип барган мырзаларыбызды токтотуп сүрөткө түшкөндөр көп болду

Биз Иранга барганда күн аябай ысып, көчөдө адамдар дээрлик жок болгондуктан, Тегеран өтө сүрдүү шаардай көрүндү. Бирок, шаардагы ар кандай музей, китепкана, соода борборлору сыяктуу адамдар көп топтолгон жерлерге бара баштагандан тарта, Ирандын  борбору жана анын жашоочулары башкача өңүттө ачыла баштады.

Эли ачык, жайдары, жардамга шашып тургандай таасир калтырды. Балким, узак убакыт чет элдик туристтердин агымын көрбөгөндүктөн, аларга өтө аяр мамиле калыптанып калганбы  деген ой келди. Мисалы, көчөдө кетип бараткан  биздин топту карап калып,  айрымдары  учурашып, күлүп, жол бошотуп берип жатышты. Көпчүлүк мырзаларыбыз ак калпак кийип барышкан экен, аларды токтотуп сүрөткө түшкөндөр көп болду.

Каныбек Темиров, “НурТВ” телеканалынын директору. Исфахан шаары, 17-июль, 2023-жыл.

Ирандык айымдар сулуулукка, келбетине көп көңүл бурушат экен

Иранда аялдар жалпы жолунан диний дресс-кодду карманышканы менен, эрежелер өтө катаал эмес, шарттуу түрдө эле окшойт деген ойдо болдум. Бирок, албетте, жоолук жана узун сырткы кийими жок көчөгө чыгышпайт экен, ошол эле убакта кадимкидей иштеп да, көңүл ачып да, үй-бүлөсү менен сейилдеп жүрүшкөнүн байкадык.

Дагы бир байкаганым, ирандык  айымдар сулуулукка, келбетине көп көңүл бурушат экен. Пластикалык хирургия өтө өнүгүптүр. Биз барган ММКда аялдар менен эркектер тең тайлашып иштеп, жетекчилик кызматта отургандары да бар экен, болгону  аял-эркектердин  өз-өзүнчө  кеңселерде отурушканын, бирок, ар кандай тартуу процесстеринде аралашып эле кетишкенин көрдүк.

Кыргызстандык тележурналисттер. Тегеран шаарындагы эң бийик “Милад” телемунарасынын ичинде,
15-июль, 2023-жыл.

Жолдору зымырайт

Жолдору сонун экен. Балким, начар өнүккөн аймактарга же шаардын, болбосо, мамлекеттин  чет жактарына барсак абал башкача болот беле,  ким билет, бирок, биз баскан тротуар, биз жүргөн чоң жолдор зымырайт.

Мамлекекттик коопсуздукка, анын ичинен маалыматтык коопсуздукка катуу көңүл бөлүнөөрү байкалды. Жалпы жонунан, кырк жылдан  ашык санкциялардын алдында жашаган мамлекет катары таасир калтырган жок. Тескерисинче, ошол абалды өз пайдасына колдонууну үйрөнүп алышкандай.

Айрым дүйнөлүк бренд товарлар өздөрүндө чыгат, автоунаа, коопсуздукка байланыштуу бардык  заманбап техникалар, тамак-аш, жеңил өнөр жай жана башка зарыл  өндүрүмдөрдүн баары Иран деген бренддин алдында чыгарын байкадык.

Айдай Ивакова. Тегеран шаары, 15-июль, 2023-жыл.

Китеп дүкөндөрүндө элдин көптүгү суктандырды

Ирандын тарыхы дүйнөдөгү эң байыркылардын бири экенинен кабарым бар эле, бирок, ошол басып өткөн жолун тастыктаган тарыхый эстелик, жайлардын көптүгү, алардын бүгүнкү күнгө чейин сакталып калышы, мамлекет тарабынан тарыхый таберикке аздек мамиле таң калтырды.

Кол өнөрчүлүктүн мыкты үлгүлөрүн өнүктүрүп-өстүрүп, ал эми адамдар аларды баалап-барктап сатып алышарын көрдүм. Анан элдин китепке болгон мамилеси аяр экен, атайын китеп дүкөндөрүндө элдин көптүгү суктанаарлык. Балким, интернеттин начардыгы адамдардын мынчалык китепкөй болушуна алып келдиби деген тамашалар да айтылды.

Илюстрациялык сүрөт. Тегерандагы эң ири “Китеп бакчасы”

Исфаханды көрүү – дүйнөнүн жарымын көргөнгө барабар

Тегерандын өзүндө бир катар тарыхый, маданий  жайларга бардык. Ар бири тууралуу өзүнчө айтса болот, жеке мага 435 метр бийиктиктеги  Ирандын телемунарасы, Або Аташ паркы, шахтардын жайкы резиденциясы жана алардын акыркысы Пехлевинин жашаган үйү  өтө таасирдүү болду.

Ал эми Ирандын маданий жана туристтик калаасы – Исфахан шаарындагы  (баса, Исфахан шаары  эки жолу  Персия империясынын борбору болгон,  перс, мидий, еврей, араб, ж.б ондогон элдердин маданияттары  жуурулушкан калаа) ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине  кирген обьектердин бири, дүйнөдө чондугу боюнча экинчи орунда турган аянтты айтпасам болбойт.

Исфахан шаары, “Накш-э жахан” аянты

Революцияга чейин ал “Шахтын аянты” деп аталып келсе, азыр “Имамдын аянты” деп аталат экен.  1598-1629-жылдар аралыгында курулган аянтта айланта имараттар, мечит, шахтын сарайы, чоң базар салыныптыр. Бул канча деген чабуул, баскынчылыкты  башынан өткөргөн аянт жана  базар шаардыктардын сүйүктүү жери экен. Күндүзү соода кызып, кечкисин аянттын ичинде өскөн көк чөпкө отуруп, тамактанган,  эс алууга келген адамдардын аягы үзүлбөйт экен.

Мындан тышкары, Зайенде суусунун үстүнө салынган ошол эле доорго таандык көпүрө (1650-ж) Исфахандын атактуу тарыхый жерлеринин бири катары саналат экен. Архитектуралык жасалгасы боюнча табылгыс тарыхый жай 1873-жылы ремонттон өткөн деп айтылат, бирок, карапайым адамдар үчүн ар дайым  ачык болгонуна карабай күнү бүгүнкүдөй сакталып турганы таң калыштуу болду. Бул элдин өз тарыхына болгон сый-урматы күчтүү экенинен кабар берет. Жергиликтүүлөр “Исфаханды көрүү-дүйнөнүн жарымын көргөнгө барабар” дешет экен.

Даярдаган: Айзат Асанакунова

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Fars NewsЖМКпресс-туртележурналист
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Трамп АКШнын үч ири маалымат каражатына Ак үйгө кирүүгө тыюу салды

Трамп АКШнын үч ири маалымат каражатына Ак үйгө кирүүгө тыюу салды

19.09.2026
Иранда ЖМК эми согуш аракеттеринин бир бөлүгү болуп калды

Иранда ЖМК эми согуш аракеттеринин бир бөлүгү болуп калды

18.08.2026
Ирандагы Хаменеи менен коштошуу аземи дүйнөлүк медианын көңүл борборунда

Ирандагы Хаменеи менен коштошуу аземи дүйнөлүк медианын көңүл борборунда

04.07.2026
Al Jazeera: Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты — Ирандын туруктуулугунун символу

Al Jazeera: Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты — Ирандын туруктуулугунун символу

04.07.2026
Батыш ЖМКлары АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушун толук стратегиялык жеңилүү жана экономикалык кырсык деп аташууда

Батыш ЖМКлары АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушун толук стратегиялык жеңилүү жана экономикалык кырсык деп аташууда

27.04.2026
Панч аттуу маймыл жана Газадагы унутта калган балдар. Медиа дүйнөсүндөгү кош стандарттуулук

Панч аттуу маймыл жана Газадагы унутта калган балдар. Медиа дүйнөсүндөгү кош стандарттуулук

24.02.2026
«Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттери, «Ала Тоо», «Байчечекей» журналдары бириктирилди

«Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттери, «Ала Тоо», «Байчечекей» журналдары бириктирилди

16.01.2026
“Борбор Азия – Кытай” медиа форуму: Алматыда чет элдик журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулду

“Борбор Азия – Кытай” медиа форуму: Алматыда чет элдик журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулду

11.06.2025
Сеулда журналисттердин бүткүл дүйнөлүк конференциясы аяктады

Сеулда журналисттердин бүткүл дүйнөлүк конференциясы аяктады

08.04.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.