Франциянын TotalEnergies мунай-газ компаниясы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча кирешеси өсөт деп болжолдоп жатат. Бул Ирандагы согуштан улам баалардын жогорулашы шартында мунай өндүрүү жана сатуу көлөмүнүн көбөйүшү менен байланыштуу.
Компаниянын билдирүүсүнө караганда, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга карабастан, кварталдык көрсөткүчтөргө олуттуу таасир болбойт. Бул аймактагы окуялар компаниянын жалпы өндүрүшүнүн 15% токтотулушуна алып келгенине карабастан ушундай жыйынтык чыгарылган. Бул тууралуу Bloomberg шилтеме кылган TotalEnergies отчетунда айтылат.
Компаниянын баамында, биринчи кварталда Европада мунайды кайра иштетүү маржасы баррелине 11,4 долларды түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 192% жогору жана 2025-жылдын аягында берилген божомолдорго туура келет.
TotalEnergies белгилегендей, Жакынкы Чыгышта күнүнө болжол менен 100 миң баррел мунай эквивалентиндеги өндүрүш жоготулган. Бирок башка аймактардагы кошумча өндүрүш 2025-жылдын төртүнчү кварталындагы деңгээлди сактап калууга жардам берген.
Компания ошондой эле базардын туруксуздугу шартында активдүү соода жүргүзүү суюлтулган жаратылыш газынын кирешесин көбөйткөнүн билдирди. Анын өндүрүшү 10% өскөн.
TotalEnergies биринчи квартал боюнча расмий жыйынтыктарын 29-апрелде жарыялайт.



















