Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи билдиргендей, АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы сүйлөшүү процессинин башынан тартып эле Тегерандын ядролук маселе боюнча сунуштаган компромисстерин четке кагып, иран тараптын пикиринде аткарылышы мүмкүн эмес шарттарды койгон, деп жазат шаршемби күнү IRNA агенттиги.
«АКШ биздин оюбузча мүмкүн эмес максатка – тактап айтканда, “нөлдүк байытууга” жетүүнү талап кылып келген», – деди ал агенттикке берген маегинде.
Аракчинин айтымында, Ирандын «компромисске жетүү үчүн бир нече иштелип чыккан пландары болгон».
12-апрелден тартып Иран менен АКШнын ортосунда беш раунддук кыйыр сүйлөшүүлөр өткөн, анда ортомчу катары Оман чыккан. Ядролук программа боюнча кезектеги жолугушуу июнь айында Израил Иранга аба соккуларын жасай баштагандан кийин токтотулган. Бул операциянын максаты ирандык ядролук программаны жок кылуу деп жарыяланган. Мунун жооп чарасы катары Иран Израилге сокку ура баштаган.
22-июнда АКШ Ирандагы үч ядролук объектке – Фордо, Исфахан жана Натанздагы жайларга сокку урган. Андан соң АКШ президенти Дональд Трамп ок атышууну токтотууну жарыялаган, ага Иран менен Израил макул болушкан.
Иран бийлиги көп жылдан бери өзүнүн ядролук программасы тынчтык максаттарын гана көздөй турганын белгилеп келет.



















