Иранда Израилдин чалгын кызматты «Моссад» менен кызматташканы үчүн айыпталган адамга чыгарылган өлүм жазасы аткарылды.
Ирандын IRNA расмий маалымат агенттиги билдиргендей, «Моссаддын тыңчысы Бабек Шехбази, чалгындоо, тыңчылык жана коопсуздук жаатында сионисттик режим менен кызматташып, бул режим менен байланышкан адамдарга маалымат берип турган, соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында чыгарылган өкүм Жогорку сот тарабынан бекитилгенден кийин бүгүн эртең менен аткарылды».
Маалыматка ылайык, Шехбази телекоммуникация, аскердик жана коопсуздук мекемелерине тиешелүү компанияларда өнөр жай муздаткыч системаларын долбоорлоо жана орнотуу менен алектенип жүргөн. Ал «Моссаддын» агенти Исмаил Фикри менен таанышкандан кийин жогорку мамлекеттик чиновниктер, алардын жайгашкан жерлери жана жүрүп турган маршруттары тууралуу маалыматтарды сатуу сунушун киргизген.
Ал маалыматтын ордуна өзү жана үй-бүлөсү үчүн АКШдан туруктуу жашоо укугун жана 120 млн долларды накталай же криптовалюта түрүндө талап кылган.
Маалыматка караганда, 2024-жылдын февраль айында «Моссад» кызматкеринин өтүнүчү менен Шехбази жана Фикри Skype аркылуу Израил тарапка чалгын маалыматтарын өткөрүп турушкан. Кийин Шехбази «Сами Бенджамин Майкл» деген жашыруун аты менен «Моссад» кызматкерлери менен байланыш түзүп, уюм тарабынан окутуудан өткөн.
Шехбази «Моссаддын» агенти Исмаил Фикри кармалгандан кийин камакка алынып, сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алган.


















