Бүгүн, 3-июнь Иран боюнча Ислам республикасынын негиздөөчүсү Имам Рухулла Хомейнинин дүйнөдөн кайткандыгынын 36 жылдыгы белгиленип жатат.
Иранда жыл сайын 3-4-июнь күндөрү Ислам республикасынын негиздөөчүсүнүн дүйнөдөн кайткандыгынын жылдыгы белгиленип, аны менен катар Хомейнинин 15-хордаддагы тарыхый көтөрүлүшүндө шейит кеткен адамдар эскерилет.
15-хордад (биздин жылнаама менен 4-июнь) Хомейнини тарыхый көтөрүлүшүнүн арты менен 15 жылдан кийин Ислам революциясы жеңишке жетип, Иран Ислам Республикасы түзүлгөн. Хомейни бул улуу көтөрүлүштөн жыйырма алты жыл өткөн кийин, 1989-жылдын 3-июнунда, (14-хордад) дүйнөдөн кайткан.
Жыл сайын бул күнү өлкөнүн бардык аймагында ислам революциясынын шыктандыруучусунун өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө арналган эл аралык конференциялар, семинарлар жана форумдар өткөрүлөт. Хомейнинин мавзолейинде да эскерүү иш-чарасы өткөрүлүп, анда өлкө жетекчилиги сөз сүйлөйт.
Имамдын тажиясынан алынган кээ бир архивдик сүрөттөр ирандык IRNA маалымат агенттигинин архивинен жаңыдан жарыяланды. Бул сүрөттөр революциянын улуу лидери дүйнөдөн кайткандан кийинки салттык аза күтүү, коштошуу жана элдин терең кайгыруу учурунан кабар берет.
6-июнда Хомейни менен коштошууга дээрлик ар бир алтынчы ирандык борбор шаары Тегеранга келишип, жалпы 10 миллионго жакын киши чогулган. Бул дүйнөдөгү эң масштабдуу коштошуу зыйнаты болуп калган.

































Discussion about this post