Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади Иран менен АКШнын ортосунда «Исламабад» деп аталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум мындан ары жок экенин билдирди.
«Азыр биз АКШ өзүнө алган бардык милдеттенмелерди бузуп, Иран Ислам Республикасына каршы кайрадан аскердик жана агрессивдүү аракеттерди баштаган кырдаалда турабыз. Ошол эле учурда алар биздин эр жүрөк куралдуу күчтөрдүн чечкиндүү жообуна туш болушту. Мындай жагдайда Иран эч кандай милдеттенме сезбейт, анткени, өзүңөр көрүп тургандай, эми сөз кыла турган эч кандай меморандум калган жок», — деди ал.
Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын өкүлү Ибрахим Резаи да Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы согуш аракеттерин токтотуу жөнүндө меморандум мындан ары күчүндө эмес экенин билдирди.
«Практика жүзүндө бизде эми меморандум жок. Душман (АКШ — ред.) бизге каршы расмий түрдө согушка кирди. Алар меморандумдун жоболорун бузуп, санкцияларды кайра киргизишти, (Ормуз кысыгында — ред.) блокада уюштурушту жана Ливан боюнча жетишилген макулдашууларды бузушту», — деди ал Ирандын мамлекеттик IRIB телерадиокомпаниясына.
АКШ менен Израиль 28-февралда Иранга каршы согуш баштаган. Аба соккуларынын натыйжасында өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи каза болгон. Кырк күнгө созулган куралдуу кагылышуулардан кийин июнь айында Вашингтон менен Тегеран бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда согуштук аракеттерди токтоосуз токтотууну караган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Андан кийин Швейцариянын Бюргеншток шаарында АКШ менен Ирандын ортосунда Доха жана Исламабаддын ортомчулугу астында меморандумду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр өткөн.
Катар менен Пакистандын диалогдун биринчи айлампасынан кийин жасаган биргелешкен билдирүүсүндө Иран менен АКШнын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жолугушуу оң жана конструктивдүү маанайда өтүп, анын жүрүшүндө, мындан ары техникалык консультацияларды өткөрүү үчүн негиз түзүлгөнүн билдиршкен.
Бирок 8-июлда АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңы чыңалуу башталды. Америкалык күчтөр Ирандын объектилерине бир катар соккуларды урган. Вашингтон бул аракеттерине Иран Ормуз кысыгында коммерциялык кемелерге кол салды деген жүйө келтирген.
Буга жооп катары ирандык күчтөр Кувейт, Бахрейн жана Иорданиядагы америкалык базаларга сокку урган. Ирандын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун аракеттерин жетишилген келишимдерди олуттуу түрдө бузуу катары мүнөздөгөн.
9-июлда АКШнын президенти Дональд Трамп ок атышууну токтотуу режими мындан ары күчүндө эмес экенин билдирген. 13-июлда Трамп Вашингтонду «Ормуз кысыгынын сактоочусу» деп жарыялап, мындан ары бул деңиз жолу аркылуу өтүү үчүн 20% өлчөмүндө төлөм алынарын билдирген.
Ошол эле күнү Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи Тегеран АКШ менен кол койгон меморандумдун шарттарын бир да жолу бузбаганын, ал эми аны аткарбоо үчүн бардык жоопкерчилик Вашингтондун мойнунда экенин билдирген.

















