Кыргызстандыктар Иран өлкөсү тууралуу эмнени билишет? Коңшусу Ирак менен дагы алмаштырып жүргөндөр жок эмес. Айрымдар Иран тууралуу укканда санкциянын астында жашаган өнүкпөгөн, обочолонгон, аялдардын укугу корголбогон, кооптуу өлкөнү элестетишет. Мындай жаңылыш ой-пикирлердин баары туура жана так маалыматтын аздыгынан келип чыгат. Бирок Ирандын Ирак, Сирия же Ооганстан менен чектеш болгонуна карабастан, бул өлкө Жакынкы Чыгыштагы эң коопсуз өлкө бойдон калууда.
Жакында Ирандын алдыңкы “Fars News” маалымат агенттигинин чакыруусу менен Кыргызстандын 21 кишиден турган тележурналисттер делегациясы Ислам республикасына таанышуу иш сапары менен барып келишти.
Сегиз күндүк пресс-тур менен биринчи жолу барган журналисттер аталган өлкөнү өз көздөрү менен көрүп, иран эли менен жакындан таанышып, Иран коопсуз, өнүккөн, аялдардын укугу корголгон өлкө экенинен ынанып кайтышты.
Биз кыргыз коомчулугуна Иранды таанытып, бул өлкө тууралуу так жана туура маалымат жеткирүүгө аракет кылып, Иранды көрүп келген “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти Мадинова Жазгүл жана “ОШ ТВ” телеканалынын журналисти Баргыбаева Нуржамал менен маектешип, ирандыктардын жашоосу, жетишкендиктери тууралуу сүйлөшүп, Ирандагы абалды алардын көзү менен баяндоого аракет кылдык.
– Саламатсыздарбы. Жакында сиздер Иранда таанышуу иш сапары менен болуп келдиңиздер. Айрым адамдар Иранды жабык, өнүкпөгөн, аялдардын укугу чектелген, кооптуу, кара чүмкөнгөндөрдүн өлкөсү деп ойлошот. Буга чейин сиздерде Иран тууралуу кандай маалымат бар эле, кандай деп элестеттиңиздер эле?
Жазгүл: – Саламатчылык! Ооба, кыргызстандык журналисттер таанышуу сапары менен Иранга барып келдик. Чынында Иран мен үчүн туман өлкө болчу. Дайыма согуш жүрүп турган, аялдардын укугу чектелген, көп аймагы талкаланган болсо керек деп ойлочумун. Интернет булактарында да Иран тууралуу анчейин деле көп маалыматтар табылбайт. Ошол себептен, сыртын карап тон быча берсем керек.
Нуржамал: – Саламатчылык. Албетте, Иранга биринчи жолу бардым. Буга чейин менде да аталган өлкө тууралуу көп маалымат жок болчу. Бирок, ал жабык жана жакыр өлкө деп ойлочумун. Ошол эле учурда аялдардын укугу тебеленген мамлекет катары элестетчүмүн.
– Эми Иранды жакындан көрүп келдиңиздер. Бул өлкөгө биринчи сапарыңыз кандай таасир калтырды? Учактан түшкөндө сизде кандай сезимдер болду? Биринчи эле көзүңүзгө эмне учурады?
Жазгүл: – Ооба, Иранга биринчи ирет бардым. Мен ойлогондой эмес, такыр башкача өлкө экен. Учактан түшкөндө эле ирандыктардын туристтерге жылуу мамилеси байкалды. Сиз туристсизби? Каяктан келдиңиз? деп кызыгып турушат экен. Экинчиден караңгы эмес, жарык шаар көзгө урунду. Айлана-чөйрө, көчөлөр баары жарыктандырылган.
Нуржамал: – Иранда учактан түшүп, шаарды көздөй баратканда эле бул өлкө экономикалык жагынан өнүккөн экен деген ой келди. Анткени түнкүсүн жолдору жарык, кенен жана шаары аябай чоң экенин көрдүк. Көбүнчө Тегеран шаарында жүргөндүктөн бул калаанын бир да оюлган жолун, таштанды кезиктирбедик. Жолдо канчалык көп жүрсөң дагы чаң болбойт экенсиң.
– Интернет булактарынан ирандык аялдардын укугу чектелген, аларга көп нерсе тыюу салыган деген маалыматтарды көп окуйбуз. Өзүңүздөр көрүп келген ирандык аялдардын жашоосу кандай экен?
Жазгүл: – Албетте, ислам республикасы болгондон кийин жабык кийинип жүрүшөт экен. Кийим жагынан динге байланыштуу деңизчи. Бирок эркиндик бар экени байкалып турду. Ошол эле учурда мамлекеттик кызматтарда иштеп, жогорку даражалуу кызматтарды ээлеп отурган айымдарды көрдүм. Абдан эмгекчил келишет экен. Көчөдө да эркин басып, сейилдеп жүрүшөт. Демек, биз ойлогондой айымдардын укугу чектелүү эмес. Алар да тең укуктуулукка аракет кылышарын байкадым.
Нуржамал: – Иранда мен байкагандан аялдардын укугу чектелбептир. Ошол эле учурда алардын коомдогу орду мырзалар менен тең десек болот. Артыкчылыгы, ал жакта аялдар оор, кара жумуштарда иштешпейт экен.

– Иран 40 жылдан ашуун убакыттан бери эл аралык санкциялардын алдында жашары баарына белгилүү. Буга карабастан Иран кандай өнүгүптүр? Кандай жетишкендиктерин байкай алдыңыздар?
Жазгүл: – Ооба, Иран санкциядагы мамлекет экенин жакшы билебиз. Бирок, ага карабай өнүгүүнү байкадык. Заманбап имараттар салынып, заманбап жашоодо жашашат экен. Бардык өндүрүштөр өздөрүнөн чыгат экен. Бул да ошол мамлекеттин чоң жетишкендиги деп бааласак болот. Айрыкча илимге басым жасаганы абдан жакты.
Нуржамал: – Иран санкцияларга карабастан алдыга талпынып, өнүгүүгө карай жол алган мамлекет катары таасир калтырды. Биз алардын кадимки жашоо шартынан тарта аскер базаларына чейин бардык. Башка мамлекеттер менен алака жок деп отуруп калбастан, дүйнөлүк рынокко чыгуу аракети байкалды. Мисалы, күйүүчү майдын кору боюнча Иран дүйнөдө алдыңкы орунда экен. Эгерде экспортко жол ачылса, башка өлкөлөрдө дагы күйүүчү май арзандап, камсыздоо маселеси жакшырмак.

– Иранга бара электе сиздер ойлобогон, бирок баргандан кийин таң калтырган нерсе эмне болду?
Жазгүл: – Мени таң калтырганы ал жакта пластикалык операция жасатып жүргөндөрдү көп көрдүм. Иранда мындай операцияга кызыгуу бар экенин такыр ойлогон эмесмин. Мен күтпөгөн жана таң калтырган нерсе ушул болду.
Нуржамал: – Иранда өз тарыхына жана маданиятына аябай маани беришет экен. Мени таң калтырганы, өлкөгө эмгеги сиңген адамдар унутулбай, ар бир имаратта сүрөттөрү илинип турганы болду.
– Ирандын кайсы жерлеринде болдуңуздар? Кайсы жери кандай өзгөчөлүктөрү менен эсте калды?
Жазгүл: – Биз Ирандын борбору Тегеран шаары жана маданий шаар аталган Исфаханда болдук. Эки шаардын тең өзгөчөлүгү бар экен. Тегеранда жүргөндө Ирандын улуттук тарых музейин, Ислам революциясынын лидери Имам Хомейнинин жашаган үйүн, акыркы шахтын жашаган ордосунда жана башка тарыхый жерлерде болдук. Абдан кызыктуу болду. Андан соң, Исфаханга бардык. Бул шаар мага тарыхый архитектурасы менен жакты. Айрыкча качанкы кылымда салынган имараттар азыркы күнгө чейин сакталып турганы бул чоң тарыхый байлык десек болот.
Нуржамал: – Ирандын эң сонун жерлеринде болдук. Тагыраагы, Ирандын дүйнө боюнча бийик деп саналган телемунарасында, аянты жагынан чоң «Иран Молл» соода борборунда жана бир канча музей, телеканалдарында болдук. Ошондой эле китепканаларын кыдырдык. Эң эсте калганы телеканалдары болду.

– Ирандын бир катар маалымат каражаттарында болуп, алардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып келдиңиздер. Кыргызстандын маалымат каражаттарынан кандай айырмачылыктарды байкай алдыңыздар?
Жазгүл: – Ооба, биз бир катар маалымат каражаттары менен тааныштык. Аткарган жумушубуз, миссиябыз окшош эле. Болгону айырмачылык аларда бир күндө 3 кезек менен иштейт экен. Кыскача айтканда 24 саат бою тыным жок. Бизде бир эле кезек менен иш алып барабыз. Негизги айырмачылыкты ушундан байкадым.
Нуржамал: – Ирандын телеканалдары контент берүү жагынан алдыда экен. Маселен, 5-6 тилде маалыматтарды даярдап, ар жарым саат сайын түз эфирде жаңылыктары эфирге берилгенин көрдүк.
– Рахмат маегиңиздерге. Ишиңиздерди ийгиликтер коштосун.
Маектешкен: Айзат Асанакунова