Ормуз кысыгы тууралуу сөз болгондо, көпчүлүк дароо эле мунай, бензин жана баалар жөнүндө ойлойт. Бул түшүнүктүү. Бирок көп айтылбаган дагы бир маанилүү нерсе бар — интернет жана байланыш. Заманбап адам аны бир күн да колдонбой жашай албайт.
Перс булуңунун жана Ормуз кысыгынын түбүндө, айрым жерлерде болгону 60–80 метр тереңдикте, интернет кабелдери жатат. Бул кабелдер бүтүндөй аймактын дээрлик бардык санариптик трафигин өткөрөт. Банктык которуулар, телефон чалуулар, видео көрүү, компаниялардын системалары, аскердик байланыштар — баары ушул кабелдер аркылуу өтөт.
Иран суу түбүндөгү була-оптикалык кабелдер аркылуу өткөрүлүүчү дүйнөлүк интернет трафигинин 97 пайызын үзүүгө жөндөмдүү.
Иран жакында эле суу астындагы негизги интернет кабелдери жайгашкан жерлерди көрсөткөн деталдуу картаны жарыялады жана аларды өтө аялуу деп атады.
Эгерде Трамптын администрациясы менен чыңалуу күчөсө, Иран бул кабелдерди бир дагы ракета атпастан үзгүлтүккө учурата алат.
Бул жердеги бир эле бузулуу дүйнөлүк сооданы жайлатып, каржылык бүтүмдөрдү токтотуп, Жакынкы Чыгышта жана андан тышкары жерлерде онлайн кызматтарды үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.
- Эгер бир кабель үзүлсө: аймак боюнча интернет ылдамдыгы төмөндөйт;
- Үч кабелдин үзүлүшү: Перс булуңунда интернет жарым-жартылай өчөт;
- Беш кабелдин үзүлүшү: банк системалары, булуттуу эсептөө, соода операциялары жана электрондук соода иштебей калат;
- Жети кабелдин үзүлүшү: Перс булуңу бир түндө эле санариптик соода борбору катары маанисин жоготот.
Перс булуңунун санарип экономикасы: Жылына 1,8 триллион доллардан ашык.
Оңдоо убактысы: Бир нече жума созулушу мүмкүн. Ал да оңдоочу кемелерге кирүүгө уруксат берилсе гана мүмкүн болот.


















